www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК кызматкерлери бийликти күч менен басып алууга шектелип кармалган топтун артынан аңдып жүрүшкөн. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев «Жетинчи каналга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, шектүүлөр курал, аскер кийимдерин, дрон сатып алып, жардыргыч заттарды жасашкан.

«Алардын максаты: өткөндө жүз берген окуялардан шылтоосу менен элди көтөрүп, аскер кийимдери кийип, чогулган элди атууга багышталган арам ойлору бар эле. Жаман ишти кылаар замат, ошол эле аскер кийим кийген балдар шапкелерин ыргытып, үстүңкү кийимдерин чечип ыргытып, «мына, биз эл тарапка өттүк»- деп жарыялашмак. Ошентсе, «бүткүл өлкө боюнча эл бизди колдоп кетет»-деген чолок акыл пландары болгон», — дейт Ташиев.

УКМКнын төрагасы кармалган топко чет өлкөдөн колдоо болгон-болбогонун тергөө аныктарын айтты.

«Кандай гана кылмыштар же улуттарды бири бирине кайраштыруу максаттарын көздөгөн иш аракеттер болбосун, дүрбөп чыккандын кереги жок . Мамлекет баарын көзөмөлгө алып турат. Бизде да жүрөк бар. Бизде да эч кимдикинен кем эмес мекенчилдик сезим бар. Сөзсүз баарынын жазасын беребиз»,- дейт ал.

Последние новости