www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров кечээ, 30-июнда Ысык-Көлгө Асман шаарын курууга капсула салды. Муну араң турган фейк-троллдор ааламдагы акыркы ачылыш катары катуу пиарлашты. 

Томукту тоодой, чымынды пилдей сүрөттөп көнгөндөр, "мына курулбайт, жомок деп жаттыңар беле, эми эмне дейсиңер" дешип, Асман шаарына тиешеси жок, таптакыр эле бөлөк сүрөттөрдү таратышып, ураалашып жетине албай калышты. Ал түгүл президент өзү Асман шаары курулбайт дегендерди "кыска ойлогон, жакшыны көралбагандар" катары сыпаттап жиберди. 

Арийне, капсула салынды десе, шаар салынып бүткөндөй чуу түшүп алгандар, кызыктар али алдыда экенин аңдабай жатышат, же билип турушса дагы келечеги бүдөмүк ишти моюнга алгылары келбей сокур үмүткө жетеленишүүдө. 

Дегенибиз, жарымы төгүн, жарымы жалган жомок эми башталды. Мына айталы, "плагиат жыттанган" презентациянын өзү эле шаардын генпланы түгүл, оңдуу эскизи жоктугун айгинеледи. Үзүп-жулкуп ар кайсы өлкөнүн долбоорунан чампалап чаптаган көз жазгырган жагдай, Асман шаарынын курулушуна көлөкө түшүрүп койду. Мындайды элибиз, туулбай жатып тууна чөктү, же чү дегенде эле ээрге кыйшык отурду дейт. 

Сөзүбүз куру болбош үчүн, "капсула салуу" учурунда айтылган айрым маалыматтардын маңызына токтолуп көрөлү. Бул тууралуу Skarlett O Hara аттуу Фейсбук колдонуучусунун өз акаунттуна жазган аргументтерине токтолсок жетиштүү болот. 

Көч башы кайда барса, аягы ошол жакка барат дегендей, Асманды куруучу инвесторлорго көңүл бурсак, ишенүүгө караганда күмөнсүнүү жүрөктү өйүттү. Себеп дегенде, инвестор дегендерден уккан адамды ынандыра тургандай маанай байкалган жок. Аты-жыты белгисиз эле Индиядан 3 киши, Пакистандан 2, Түркиядан бир, Дубайдагы ,, Артек " архитектуралык тобунун президенти Эмил Самара дегендер сүйлөштү. Баягы 1 миллиард доллар салганы жатышат деген кудуреттүү Кореялык инвесторлор көрүнгөн жок.

Асман шаары мурда айтылгандай жолдун үстүндө, тоо жагында эмес, Ысык-Көлдү бойлоп орун ала турганы белгилүү болду. Муну президент өз сөзүндө тастыктап, "Баткенге сал дейсиңер, Ысык- Көл Баткенде болсо, Баткенге салдырат  элем, булар көлгө карап жатат!", - деп айтты. 

Асман шаары план боюнча 4 бөлүктөн турат экен;
1. Акылдуу ( smart) шаар.
2. Соода сатык (commercial)
3.Спорт шаарчасы.
4. Көңүл ачуучу шаар.

Ошондо акылдуу шаарга :

Жарымы жерде, жарымы көлдүн үстүндө жайгашкан, дүйнөдөгү чоңдугу боюнча экинчи мечит, Ислам университети, дүйнөнүн эч жеринде жок ислам музейи курулуп, анын ичинде Курандын түрдүү экземплярлары сакталаары айтылды. Ошондой эле, колледж, мектептер, балдар аянтчалары , заманбап унаа токтотуучу, бензин куючу жайлар, глобалдык ысыкка ылайыкталган жолдор салынат экен.

Коммерциялык шаарга:

Ар кандай соода түйүндөрү, дүйнөлүк бренддердин дүкөндөрү, люкс класстагы автомобилдердин шоуруму. Шоурум - өтө кымбат баадагы товардын, демонстрациялык залы бар, ошол жерден оформить этип берүү, жеткирип берүү каралган жогорку класстагы салону... Ошондой эле, банктар, Асман тиреген 7 жылдыздуу мейманканалар салынат. 

Спорт шаары: 

1.Гольф талаасы.
2. Боулинг.
3. Футбол аянты.
4. Ат майданы.
5. Машыктыруучулары менен машыгуучу жайлар.
6. Ден соолукту чыңдоочу жайлар.

Көңүл ачуучу шаар:

1. Казинолор.
2. Ресторан, кафелер.
3. Атракциондор.
4. Мейманканалар.

Көлдүн так жээгинде жайгашып ,андан улай көлдүн ичинде эки аралчалар курулат дешти...
Ошол аралчаларда "көңүл черин жазууга" мүмкүнчүлүк түзүлөт экен. Аралчада кантип ,,көңүл черин жазышат", аны өзүңөр фантазияңарга жараша түшүнүп алгыла...

Кызыгы, ааламда жок ажайып мечиттин жанында "арам" делген казино, көңүл ачуучу жерлер иштеп, спирт ичимдиктери ичилсе боло берет экен... 

Баса, Индиянын Мумбай шаарынан келген Рахун чыгып : Голливуд, Болливуд сыяктуу кино шаарчасын курушаарын айтты.
Манас жөнүндө кино тартып, Манасты дүйнөгө таанытаарын айтты. 

Мындан сырткары, Асман шаарынын;

1.Электр станциясы.
2. Ылдам жүрүүчү поезди.
3. Жогорку технология менен жабдылган , көп тилкелүү заманбап аэропорту болот экен...

Асман шаары - дүйнөнүн булуң- бурчунан келип жашаган жашоочулары бар "дүйнөлүк шаар" болот дешти...

Экологиялык жагы тыкыр көзөмөлгө алынып, инновациялык технологиялар колдонулуп салынат имиш...

Кыскасы, шаардын долбооруна карата көрүүчүлөрдө ишеним жаралган жок. Айрымдар, шаарга салына турган мекемелердин бир канча долбоорлору башка мамлекеттерде салынган, ишке ашкан долбоорлор экенин, аларды мурда чыккан ар кайсы видеолордон кыркышып монтаждап жасап коюшканын жазып чыгышты. 
 
Натыйжада, Садыр Жапаров айткандай, Асман шаарынын долбоору кылдат иштелип чыккан долбоор эмес эле, 5-6 видеодон монтаждалып шашылыш презентация жасоого ылайыктаган, президентти "подстава" кылган плагиат экени айтылууда.

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу мүмкүн эмес

Булак: NazarNews.kg

Последние новости