www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Франциядагы тополоңдо бир түндүн ичинде миңге жакын адам кармалганын BFMTV телеканалы билдирди.
"Ички иштер министрлигинин жаңы маалыматтары боюнча, жумадан ишембиге караган түнү 994 адам кармалды", — деп айтылат маалыматта.
Францияда массалык баш аламандыктар 27-июнь күнү эртең менен Париждин четиндеги Нантер шаарында полиция 17 жаштагы өспүрүмдү текшерип жатканда атып салгандан кийин башталган. Полиция жаш жигит алардын талаптарын аткаруудан баш тартканын билдиришкен.
Нааразылык акциялары бүт өлкөнү каптады. Жаштар унааларды, милициянын жана жергиликтүү бийликтин имараттарын өрттөшкөн. Кээ бир аймактарга атайын күчтөрдү жайгаштырууга туура келип, оор техникалар жана тик учактар колдонулду.
Зордук-зомбулук уланып жаткан маалда президент Эммануэль Макрон министрликтер аралык кризистик топту чакырды. Ал бул окуяны «түшүндүрүлгүс жана акталгыс» деп атап, жигиттин өлүмүн эч нерсе актабай турганын кошумчалады. Премьер-министр Элизабет Борн полиция "чектен тышкаркы" аракет кылганын айтса, өкмөттүн басма сөз катчысы Оливье Веран маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтты.
Булак: NazarNews.kg