www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Комбайн”,  «Боксер», "Ангус",«Библиотекарша»,  «Балашка"...
Кээ бир эл көзүндөгү саясатчы, аткаминерлерди да өз аты-жөндөрүнөн сырткары каймана ысымдары, же болбосо “кликухалары” жандап жүрөт. Андай каймана ысымдар кылган ишине, жүрүм-турумуна, саясаттагы кадамдарына жараша берилген десек болот. Бирок көпчүлүк адамдар каймана ысымдардын таржымалдарын биле бербейт. Алардын баскан-турганына, ишмердүүлүгүнө, саясаттагы позициясына карата эл сын берет. Айрымдарына жармашкан каймана аты, өмүр бою лакап болуп калат...
“Комбайн”

Самат Исабеков

Башкы бажычы Самат Исабековду ким билбейт. Аны тар чөйрөдө ушинтип аташат. Башкы бажычы боло калып кол алдындагыларга “чү” дегенде эле комбайнчасынан олчойгон “салыкты” салып, өзүнүн да, шефтеринин да капчыгын кампайтат дешет. Ошондо аны карап күлүп, артты карап ыйлагандар аны “Комбайн” аташып, чачынан бутуна чейин сөгүп, ич күптүүлөрүн ичте сактап кала берчү экен. “Комбайн” атыгып жүрүп, ири капитал топтоп, бизнесин баштагандыгы өзүнчө узак сөз болуп айтылат. “Кличкасы” эле айтып тургандай, акчаны чындап эле комбайнчасынан басып койгон белем, учурда бийликти каржы жагынан колдоп, сүрөп, мыкты Башкы бажычыга айланган.

 «Боксер»

Сулайманов Алтынбек
Чочойгон чоңдугуна карабай, чогулушту уруп ойнобой, чоң жыйындарда элдин барын чоочулатып, чоң муштумун көтөрө чуркап, «брабесианал боксер» катары бийлик башындагылардын тумшугун талкалай койгондугу үчүн Сулайманов Алтынбекке «Боксер» аты коюлган.
"Ангус"

Тынчтык Шайназаров
"Ангус" деген сөз «торпок» дегенди билдирет. "Ангус" породасындагы торпоктор тойбос, анан өтө эттүү, семиз келишет. Борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчисинин орун басары Тынчтык Шайназаровдун "Ангус" деген каймана аты бар. Аны «торпок» десе деле жарашмак, бирок "Ангус" торпоктор өтө эттүү келишет.
«Библиотекарша»

Бакашова Жылдыз
Экс вице-премьер Бакашова Жылдыз билими, саясий салмагы менен мактана албаса да, өтүмдүүлүгү менен мактанар жөнү бар. Болбосо китепканачы болуп жүрүп эле вице-премьер болуу баарынын эле колунан келе бербейт. Ал адамдарга да китепке жасагандай мамиле жасап жүрүп кызматынан кол жууган.
"Балашка"

Жанар Акаев
Алмазбек Атамбаевдин айрым аткаминерлерге карата айтканы, эл оозунда бүгүнкү күнгө чейин унутулбай айтылып келет. Алсак Жанар Акаевди "Балашка" деп айтканы "кличка" катары ташка тамга баскандай болуп эскирбей айтылып жүрөт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости