www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Астана шаарынын мэри Жеңиш Касымбекти кабыл алып, Астананы таза суу менен камсыздоо боюнча кырдаал тууралуу маалымат берди. Президент маселени тез арада чечүүнү тапшырды, деп билдирет Акорда.

“Акимге суу менен камсыздоодо гана эмес, шаардын башка тиричилик системаларында да кризистик кырдаалдардын келип чыгышын толугу менен жоюу үчүн мүмкүн болушунча тез арада системалуу жана оперативдүү чараларды көрүү тапшырмасы берилди”,-деди мамлекет башчынын басма сөз кызматы.

Ал ошондой эле өз администрациясына кырдаалды көзөмөлгө алууну тапшырды.

Бир күн мурун Астанада бир нече турак жай комплексинин жашоочулары бир жумадан бери берилбей жаткан суунун жоктугунан көчөнү жаап салышкан. Суу түнкүсүн гана берилип жатат.

Буга чейин Астанада калктын санынын жогору болушу ичүүчү суу чыгаруучу кубаттуулуктардын жетишсиздигине алып келгени кабарларган.

 Андыктан шаар тургундары жок дегенде жайга чейин жаңы насостук жана чыпкалоочу станция ишке киргенге чейин сууну чектөөгө тийиш. Астананын акими Жеңис Касымбек үстүбүздөгү жылдын аягына чейин төртүнчү насостук-фильтрлөөчү станциянын курулушу башталып, май-июнь айларында үчүнчүсүн куруунун биринчи этабы бүтөрүн билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости