www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 10 адам тез тамактануучу жайдан ууланды

Бишкек шаарында 10 адам «Казан шаверма» тамактануучу жайынан ууланды. Бул тууралуу Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору билдирди.

Адамдар ууланганы тууралуу бүгүн, 7-июнда кабарланган.

«Тамактануучу жайдын кызматкерлери товарларга тиешелүү документтерди көрсөтүшкөн жок. Чийки жер жемиш жана жумурткаларды пайдаланууда санитардык эрежелер сакталган эмес. Кир жумурткалар өндүрүш жайына маркировкасыз алынып кирген. Андан тышкары ушул эле жерде майонез менен чийки жумурткадан ак соус жасалып келген.

Сатылган тамак-аштын техникалык карталары жок болуп чыкты. Дезинфекциялоо иштери жүргүзүлчү эмес. Айрым кызматкерлерде медициналык текшерүүдөн өткөндүгү тууралуу китепче жок экен.

Текшерүүнүн жыйынтыгында 36 миң сомдук айып пул салынды. Ошондой эле, 7- июндан баштап объектти пайдаланууга тыюу салынды. Учурда тамактануучу жай жабык», - дейт санэпидемборбор.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости