www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бизде өлкө башчысы ким болсо, анын туугандары мамлекетти жеке менчигиндей элестетип, ойлору бузулуп, колдору кычыша баштайт. Бул нерсени Акаевдин, Бакиевдин доорунда жакшы эле көрдүк. өкүнүчтүүсү, улам жаңы бийлик өткөндөн сабак албай, мурунку эски бийлик баскан тырмоону кайра-кайра баса беришет.
Мына Сооронбай Жээнбеков президент болгону Жогорку Кеңештеги иниси Асылбек Жээнбеков көшөгө артында мамлекеттик иштерди чечип жатканы кеңири сөз болуп, айтылып келе жатат. Бирок азырынча президент инисине жан тартып, менин ишиме эч ким аралашпайт дегенди айтып элди ынандыруу аракетин көрүүдө. Шибегени капка катуу мүмкүн эместигин эске алсак, мезгил баарын ордуна коёру бышык. Ал кезде баары кеч болуп калышы мүмкүн.
Мына Асылбек Жээнбеков: «Мамалекеттик мүлктөрдү ары же бери кылыш керек, мамлекеттин колунда кармап тургандан пайда жок», - деп жыландын башын чыгарды.
Коомдо Асылбек Айдар, Максимдердин кейпин кийип, мамлекеттик ишканаларга көз артып, менчиктештирип алууга көз арта баштаган окшойт дешип жоромолдошту.
Ырасында, Асылбектин оозунан мындай сөздөр жөн жеринен чыгып жатпаса керек...
Булак: "Ачык саясат"