www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ат-Башы райондук прокуратурасы тарабынан Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору текшерилип, 196 000 сом мыйзамсыз сарпталганы аныкталды. Бул тууралуу аталган түзүмдөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жабдууларды жана материалдарды сатып алууга 7 лоттон турган сынак өткөрүлгөн. Анын жеңүүчүсү болуп ЖЧКлардын бири табылган. Аны менен жалпы 196 000 сомго келишим түзүлгөн.

Келишимдин шарттарына ылайык, сатып алуучу уюм сатып алынган буюмдарды өткөрүп алгандан кийин жүз пайыз акча каражатын которуп бермек. Бирок аталган борбордун жооптуу кызматкерлери жабдуулар алынып келе электе эле акча каражатын которуп жиберишкен. Ал эми аталган ЖЧК товарларды алып келбестен, изин жашырып кеткен. Анын кесепетинен мамлекетке 196 000 сомдук материалдык зыян келтирилип, ал толугу менен кайтарылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости