www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Курулуш тармагындагы коррупцияга бөгөт коюлсун!

Өлкөбүздүн кайсы тармагын албайлы, коррупция тамырын кенен жайып алгандыгы жашыруун эмес. Анын ичинде курулуш тармагы да бар. Аталган тармактагы мыйзамсыз, коррупциялык иш-аракеттерден улам өлкөбүздүн борбор калаасында мыйзамсыз, техникалык ж.б. талап-нормаларга жооп бербеген курулуш иштери жүргүзүлүп келаткандыгы белгилүү. Бул маселе Жогорку Кеңештин бийик трибунасынан нечен ирет көтөрүлүп, козголсо да жөнгө салынып, тартипке келтириле элек.

УКМКнын Антикоррупциялык кызматы ири курулуш компаниялардын бири көптөгөн жылдардан бери жогору жактагы таасирдүү мамлекеттик чиновниктердин колдоосу, калкалоосу менен мыйзамсыз, эч кандай уруксаты жок эле көп кабаттуу үйлөрдү куруп, жарандарга сатып келаткандыгын аныктады. Мындай мыйзамсыз курулуш иштери аркылуу компания миңдеген жарандардын ден-соолуктарына, өмүрлөрүнө коркунуч жаратып келе жаткан экен.

Адам өмүрлөрүн тобокелдикке салып келаткан курулуш компаниясы кандай аталат? Ага «крыша» болуп, кызмат абалдарынан кыянат пайдаланып келе жатышкан аткаминерлер кимдер? Алар мындай «эмгеги» үчүн кандай акы алып турушкан? Бул жаатта да коррупциялык схема иштеп келгенби? Бул суроолорго жооп табуу Антикоррупциялык кызматтын милдети. Башкысы, күнөөлүүлөр өз жазаларын алышып, курулуш тармагындагы «кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты...» деген көрүнүштөргө чекит коюлушу керек.

Булак: Майдан.kg

 

Последние новости