www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент парламенттин курамын кыскартууну сунуштады

Украинада парламенттин (Жогорку Раданын) депутаттарынын санын азыркы 450 кишиден 300 кишиге чейин кыскаруу алгылыктуу. Бул тууралуу президент Владимир Зеленский билдирди.
--“Айтмакчы, эми депутаттар 300 эле болсун деген сунуш өтүүсү үчүн 300 добуш керек болот”, – деди Зеленский.

“Жалпы украин референдуму аркылуу элдик бийлик тууралуу” мыйзам, Зеленскийдин оюнча, Украинанын бардык жарандарына өлкө тагдыры үчүн маанилүү чечим кабыл алууга катышуу мүмкүнчүлүгүн берет.
Президент Зеленский депутаттык кол тийбестикти алып салуу сунушун калайык жигерүү колдоп чыккан учурду эске салды.

Жогорку Раданын төрагасынын биринчи орун басары Руслан Стефанчук референдум чакыруу президенттин же Жогорку Раданын эркине эмес, калайыктын демилгесине багыныңкы, бирок демилге тобу түзүлүп, иш-аракет жүргүзө алат, деп айтты.

Ал эми «GMT Group” компаниясынын башчысы, саясат таануучу Анатолий Луценко болсо бул сунушту популисттик деп баалады жана, эгерде референдум болуп калса, анда, балким, бир үйлүү парламентти экиге бөлүп, төмөнкү үйгө 300 депутатты, жогорку үйгө 150 депутатты чегерсе деле болот, деп айтты.

Зеленскийди сындап чыккандар Жогорку Рададагы депутаттардын санын 450 кишиден 300 кишиге түшүрүү казынага көп деле жеңилдик алып келбейт, деп санашат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости