www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Американын Дюк университетинин окумуштуулары эмне себептен эркектер жаш кезинде куру намыска алдырып, агрессияга жакын болорун изилдеп чыгышты. Анын жыйынтыгын Medical Express басылмасы жазды.
Адистер 195 жана 391 кишиден турган эки топту изилдөөгө алган. Биринчи топто студенттик курактагы жигиттер болсо, экинчисине 56 жашка чейин улуураак эркектер кирген.
Эксперименттердин катышуучуларына курулуш, автоунаа, спорт тууралуу суроолордон турган тесттерди толтуртушкан. Жыйынтыктоого келгенде айрымдарына атайылап баллы өтө эле төмөн болуп калганын, эркектерге тиешелүү жумуштар алардын колунан келбей турганын айтышкан. Ошол учурда жаш балдардын көбү кыжырланып, чычалап, оор кабыл алышкан. Ал эми чоң кишилер тоготпогондой мамиле жасаган.
«Мунун себеби жөнөкөй. Жаш жигиттер өзүн, эркектик сапаттарын аягына чейин ачып бүтө элек болот. Демек, тегеректегилердин баасынан көз каранды. Бирөө алсызсың деп айтса кыжыры келет. Ал эми жашоону көрүп, өз күчүнө ишенген эркектер башкалардын айткан-дегенин этибарга албайт», — деди иликтөөнүн авторлорунун бири Адам Станаланд.
Андыктан адистер жаш жигиттердин намысына тийип, кыжырын келтирбөө үчүн аны кубаттаган сөздөрдү маал-маалы менен айтып туруу туура болорун кошумчалашты.
Булак: NazarNews.kg