www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Махабат - бул көз ирмемде чалдыккан оору»,- дейт студенттик орундуктан парламенттик креслого секирген депутат.
«Кайдагы оору? Пациенти да, дарыгери да жок болуп, махабатка чалдыккандар бирдей деңгээлде рахат алышса», - деп каршы болот башаламандыктан министрлик ээрге отурган врач, «Махабат -б ул искусство».
«Кайдагы –искусство?»- дейт ырчылыктан ректорлук ээрге минген артист. «Эгерде сахнада ойногондор болуп, көрүүчүлөрү жок болсо. Махабат - бул процесс».
«Кайдагы процесс?»- дейт соттун төрагасына жаңы отурган адвокат, «Эгерде жапа чеккендер болсо, бирок аларды соттой тургандар, коргой тургандар болбосо. Махабат-бул- илим».
«Кайдагы илим? Эгерде илимди чала түшүнгөн студент Валентин күнүн жыргап майрамдай алса, ал эми илимдин казанында кайнаган илим доктору Валентин күнүн майрамдоого күч-кубаты жетпесе».-дейт президенттиктен кулап илимге кеткен академик.
Валентин күнүн белгилөө ата-бабабыздан калган салт эмес. Раззаков, Усубалиев, Масалиев замандарында Валентин деген ким экени үч уктасак түшкө кирчү эмес. Эгемендүүлүктү алган соң капчыгы чоңдор майрамдарды көбөйтө баштады. Ооба, алар үчүн күнүгө майрам болсо деле бары бир эмеспи, ал эми карапайым кыргыздар бары бир эмгектениши керек. Бизге албетте, Валентин күнү Орусиядан көчүп келди. «Эй, Россия бир боор энем» деп убагында Алыкул жазып кеткен. Орусиянын бир боорлугу да бар, таш боордугу да бар. Эң негизги таш боорлук кылганына, мына кылым таяп баратат. Быйылкы жылы августта 106 жыл толот. Ушул маселеге келгенде Орусия унчукпай келет. Түрктөр деле ошол мезгилдерде армян элине чоңдугун салыптыр. Армяндар бул маселени ат тезегин кургатпай көтөрүп келүүдө. Сталиндин убагында поляк аскерлери ыдык көрүп калган. Поляктар да Орусиянын жанын койбой бул маселени жогорку деңгээлде көтөрүшүп. Орусиянын президенти Путин, биз муну кылбасак да, мурунку бийликтин жасагандыгы үчүн кечирим сурайбыз деген. Ал эмес ошол поляктардын атылган жерине мемориалдык комплекс курушкан. Биздин элибиздин деле жазаланышына азыркы орус бийлигинин эч тиешеси жок. Арийне, эмне үчүн падышалык зулум бийлик үчүн кечирим сурап коюшпайт. Азыркы ушундай оор кырдаалда Орусиянын экономикасы кубаттанып баратат. Орусиянын кубаттанышы Кыргыз Республикасы үчүн майдай эле керек. Биздин келечегибиз кубаттуу Орусия менен, муну акыл-эстүү адам түшүнөт. Мейли интеграциянын башка жолун тандайбызбы, бир боор Орусиядан кол үзүүгө болбойт. Бирок, бирдей деңгээлде карым-катнаш түзүүгө макулдашууга баруу керек. Акыркы болуп өткөн шайлоодо партия жетекчилери жылжыкташып эле, Маскөө тарапта жүрүшпөдүбү. Алардын маңкүш, маңыроо экендигин сезген орус бийлиги шап мойнуна каамыт тагып, минип албайбы. Калкты талап-тоноп, кардыларын кампайткан соң, «Төө көрдүңбү жок,бээ көрдүңбү жок» дешип, чет элге кире качып атып, бүткүл дүйнөнү үйрөтүп бүтмөй болду.
Эми биринчиден, Орусия десе эле дүүлүккөндү токтотуш керек. Мына Үркүндүн 106 жылдыгы келатат, Орусияга саясий эмес, экономикалык талаптарды коюш керек. Кантсе да канчалаган боордошторубуздун каны бейчеки төгүлгөн. Замбирекке каршы камчы менен чыккан эр жүрөк баатырларыбызды эстейли. Сандалып тентип Кытайга үркүп барган ага-туугандарыбызды эстейли. Бир ууч талканга сатылган кыздарыбызды эстейли. Аракет кылбасак алардын арбактары кечирбейт. Калкыбыз нар көтөргүс оор жүктөрдү көтөрүп турат. Орусиянын болсо колунда кубаттуу экономикасы бар. «Эй, Орусия таш боор падыша Николай, мыкаачылык менен күм-жам кылган кыргыздарды, бир эске алып, кечирим сурап кой» деш керек. «Көзү кашайып калгыр Николай падыша кыргыздардын каргышына калып бир жылга жетпей үй-бүлөсү менен кырылды. Биз Кара-Кечеге чейин темир жолубузду сала албай атырбыз. Бир боорлук кылып ушуга жардам берип койгула» деген талапты коюш керек. Орусия бир боор энебиз болсо, таш боорлук менен өздөрү кырган балдары үчүн сөзгө келер. Путин поляктардан кечирим сурады, кыргыздардан эмне үчүн кечирим сурабашы керек?
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg