www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бизде эмне болсо деле кемирип атып бийликкорлор келемишке түспөлдөшүп баратат... Кыргызга Түндүк менен Түштүктү, Батыш менен Чыгышты бириктирген темир жол абадай керек. Деңизге чыккан жолубуз болбосо, көпкүлөң көпөстөрдөй аба майданынан чабуул коюуга чамабыз чарк болсо. «Сокурдун тилегени эки көз» дегендей, кыргыздын тилегени темир жол болуп атпайбы. Орус бир туугандар боорго теппей, боордошторубуздун арбактары үчүн Кара-Кечеге чейин темир жолубузду салып берсе, андан аркысын деле мамлекетибиз өз күчү менен курууга каражаты жетпейт. Себеби, алкы бузуктар жеп кетишкен тышкы карыздарыбыздын көлөмү 4 миллиардды көздөй салаңдап турат. Кызыгы, бул кредиттердин үстөгүнө эле канчалаган каражаттар кетип атат. Бул деле Кыргызстандын экономикасы үчүн эң катаал тоскоолдуктарды жаратып жатат. Ач көздөрдүн азабын кыргыз калкы жакшы эле тартып жатат.
Кыргыздар кылымдардан мыйзамды сыйлап келген эл. Муну жети атасын билүү парз экендиги менен тастыктаса болот. Жети атаңдын ким экендигин билүү менен оор кылмыш жана жосунсуз жоруктарды жасабоого,каргышка калбоого аракеттер болуп келген. Ошондуктан, турмуштун запкысы менен алыс жакка кеткен боордошторубуз тууралуу жакшы пикирлер көбүрөөк айтылып келет. Бөтөнчө Орусияда кыргыздардын саны арбын. Албетте, орус калкынын арасында алар кумга себилген бир ууч шурудай эле болуп калат. Ошентсе да, биздин мамлекет үчүн алардын экономикалык жактан салымы зор. Мейли аздан болсо инвестицияга өз үлүштөрүн кошуп жаткандарга ыраазы бололу. Кыргыздын эли эмгек мигранттарынын айынан 6 миллиондук деңгээлден өйдө, ылдый болбой, бир калыпта калып баратат. Орусия бул жагынан элдин демографиялык жактан өсүшүнө абдан камкордук кылып келатат. Балдар төрөлсө 200 миңден берип, андан тышкары да банкта эсебин ачып каражаттарды салып турат. Шайлоо алдындагы программаларда балдар төрөлсө 50 миң сомдон бериш керек деген, жакшы жышааналар менен чыгышат. Азыркы мамлекеттик бюджеттеги абал менен эми андай акча каралбасы белгилүү да.
Былтыркы жылы чындыгында жакшы келечекке үмүт оту тутанган. Ошондуктанбы мурункуга караганда кош бойлуу кыргыз кыз-келиндери көбөйүп калгандай сезилген. Ошолордун бири биздин үй-бүлөдө эле. Кызык эми башталды, эми беш балалуусуңбу мамлекет тарабынан беш тыйын көмөк көрсөтүлбөйт экен. Жумушу жок, үй-жайы жок жаштар кантип күн көрүшөт? Бул жагынан жакынкы жылдарда эле демографиялык оор ахыбалга биз да дуушар болушубуз мүмкүн. Биздин Кыргызстанга кызыккандар көп. Япондор демографиялык жактан өркүндөп кетип эли аралдарга батпай баратат. Алар Латын Америкасына барып, Венесуэла менен келишимдин негизинде 50 миң адамын ошол өлкөнүн жараны кылып алыр барышат. Ушул 50 миң япондор эле экономикалык жактан артта калган латын мамлекетин бутунан тургузуп кетишиптир. Япондор баштары иштеген, өжөр калк эмеспи. Ушундай мүмкүнчүлүк болсо, япондор менен эмнеге сүйлөшүүгө болбойт. Мындай келишим түзсө болот да Кара-Кечеден Таш -Көмүргө чейин темир жолду куруп бергиле да, 50 миң япондугуңарды алып келгиле деп. Элүү миң киши Кыргызстан үчүн абдан деле оордук кылбайт. Ошентип, Түндүк Түштүктү бириктирген темир жол курулуп калмак.
Темир жолдун дагы бир варианты бар, бул Кытайдын инвестициясы. Арийне, кытайлыктар ашыкча кендерди сурап турушат. Бирок, Кытай да Улуу Жибек жолу менен Европага чыгууга кызыкдар. «Кытай менен дос болсоң, айбалтаңды ала жүр» деп коёт эмеспи. Ансыз деле ШОС боюнча дос болуп жүрөбүз. Кытай экономикалык жактан дүркүрөп өсүп, АКШны такымдап өтмөй болуп калды. Ал дүйнөнү туш-тарабынан куушуруп келатат. Кытайдын товарлары дүйнөлүк рынокто башка мамлекеттердин товарларын сүрүп чыгара баштады. Темир жол болбосо да биз Кытай менен миллиардаган каражаттарга товар жүгүртүп келебиз. Темир жол болуп калса товарлардын баасы арзандамак, биз темир жолдун бажысынан эле мамлекетибизди оңдоп алмакпыз.эгерде Кытай Торугарт же Эркечтамдан темир жолду арзан баада кура турган болсо бериш керек. Темир жол мамлекеттин учурдагы стратегиялуу экономикалык саясатынын бири болуш керек. Бирок, темир жолго келген инвестицияларды кемирип коюп отурсак, ата-бабалардын арбактары кечирбейт.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg