www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү активист Шамурза Бөрүкулов, элдик уул, генерал Молдомуса Конгантиевди төмөнкүчө эскерди.
-- Генерал деген улуу наамдын символу болгон адам дүйнө салды. Бүт өмүрүн Кыргызстандын күч түзүмдөрүнө арнап, канчалаган эр жүрөк азаматтарды тарбиялап чыгарган чыныгы генерал бул дүйнөнү таштап кетти.
Ушул адамга кол көтөрүп, өздөрүнүн эки буттуу айбан экенин далилдегендер, генералын сабаган жапайы эл катары кыргыздарды дүйнөгө шерменде кылгандар, бүгүн бир ойлонуп алышат болду бекен?
Эгер эле кылган жапайылык акмакчылыктарына өкүнүшкөн болсо, ушул убакка чейин массалык маалымат каражаттарынан чыгып: генералдын көзү тирүүсүндө өзүнөн, үй бүлөсүнөн, уул-кызынан кечирим сураганын угат элек да. Менимче андай болбоду?
Ар бирибиз элестетип эле көрөлүчү, бизди чоңойткон АТАБЫЗДЫ тарбия көрбөгөн бирөөлөр ур-тепкиге алып жатышканын. Балага мындан өткөн кордук барбы?
Болгону 64 гана жаш курагында экен. Мынчалык жаш өтүп кетишине мүмкүн ошондогу алган жаракаттары себеп болгон болуш керек?
Генерал Молдомуса Конгантиев эл сүйгөн генерал аты менен, адамгерчилиги тоодой адам катары сый-урматта эсибизде калат. Ал эми аны эч бир себепсиз токмоктогондор, жөн эле токмоктоп койбой аны бүткүл дүйнөгө көрсөтүп мактангандар (Кудайдын ар бир күнү, кечки саат 21:00дө берилүүчү орустардын время передачасынан көрсөткөн), анысы аз келгенсип аны кылмышка жыгып соттойм деп куугунтуктаган Атамбаев баш болгон трайбалист бузукулар! Ошол кылган кылмышыңар менен көп жашагыла. А түгүл жамандыктын белгиси болгон каргадай 300 жыл өмүр сүргүлө, бирок жакшылык көрбөгүлө. Башка сөз жок.
Мен бул нерсени жазып жатканымдын себеби, биздин өлкөдө мындан кийин эл ичинен чанда чыккан лидер адамдарга, бизди коргогон генералдарга, мамлекетибизге ар тармакта эмгеги сиңген улуу адамдарыбызга, таластыктар Конгантиевге кылган мамиледей жапайылыкты кылбайлы, кайталабайлы. Бул деген өзүбүздүн келечегибизге өзүбүз балта чапкан менен барабар акмакчылык болуп эсептелет. Арадан он бир жыл өтсө да, мен бир нерсеге таң калып келем: Кудай уруп, бакыйган генералды тепкилеп, токмоктоп жатканда, бир бүтүн областан кой дей турган аксакал чыкпаганына.
Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун, чыныгы ГЕНЕРАЛ ага, - деди Бөрүкулов.
Эске сала кетсек ИИМдин мурдагы жетекчиси Молдомуса Конгантиев 12-февралда 63 жаш курагында Майлуу-Суудагы үйүндө жүрө оорусунан каза тапкан.
Молдомуса Конгантиев 1958-жылы 31-мартта Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган. ИИМди 2008-жылдан 2010-жылга чейин жетектеген. Кыргызстандагы эң кадыр-барктуу генералдардын алдыңкы сабында турган.