www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмне деп жазаарымды билбей башым маң. Айлам кеткенде экөөбүздүн балдар, үй бүлөөбүз, достор, тууган-уруктары менен түшкөн сүрөттөрдү аңтарып ушул сүрөттү чалдыктырдым.

Муну июль айында жөнөттү эле. Балдар, неберелерим менен айылга келдим, атам менен апама Куран окутуп, тегерегин тазалатып, сүрөткө түшүп койдум. Убагында көп жолу колдорунан чай ичип калдың эле, эскерип койсун деп сага салып жатам деп, мага жөнөттү эле.

Мындан бир жума мурун Базана аяштын туулган күнүндө түшкөн сүрөтүбүздү салган эле. “Жакшы сүрөттү салыпсың. Качан келесиң?” десем, "Силер карабайсыңар, эмне кылам ал жакта"- деп, тамашалап, "эки- үч күндө барып калам" - деди эле. Эми минтип, акыркы мезгилде айылга байма-бай каттап, ошол жайында барганында кырк жылга жакын көрүшпөгөн классташтарын чогултуп, алар менен баарлашканын айтып, алардын өзгөргөнүн эскертти эле.

Адамдын оюн бузуп, денени дүркүрөтүп, саамга нес кылчу суук кабарды угуп, ошондон баштап, кырк жылдан ашык ыссык-суукту бирге тарткан, бөлүшкөн күндөр көз алдымдан мончоктой чууруп, көздөн жылт-жылт тамчы тамды.

Аттиң дүйнө. Өлүмгө моюн сунган өмүр, сенин назиктигиң. Тамашалап Пайгамбар аке деп, “аяш ата сенин атыңды укмуш койгон, Молдосу да бар, Мусасы да бар” дечү элем. Атасы менен апасы, арбагы ыраазы болсун. 1983-жылы январь, февралда биринин артынан бири удаа кетти эле. Ошондо да кыш катуу болуп, Майли-Сайда кар калың жаап көрүстөнгө барыш кыйын болгон. Автандилдин, Аиданын, Тариэлдин төрөлгөн жылдары, айлары, кубанычта бирге болгон мезгилдер кадимкидей көз алдымда. Сүйлөшө калганда "сен эле менден суранбадың, калгандары армансыз...бирок кыйын мезгилде бирөөнү дагы таппадым. Адам ушундай болот турбайбы? Ага деле таарынбадым, бирок ошол кыйын күндөрдөн бир гана сөз кулагымда жаңырат, "өлтүргүлө, өлтүрөбүз, бензин менен өрттөгүлө"- деген, кыйкырык - сүрөөндөр. “Эскергим келбейт"-дечү...

Ал күндөрдөгү алаамат башка түшпөсүн. Кечөө эле чогуу жүргөндөргө телефон чалсаң албайт, үйүнө барсаң качат. Жерге түкүрүп басып кетесиң. Анан Модокенин азаптуу күндөрүн айтпа, ооруканадан оорукана, эми өз ордуна келип калганда Аяштын армандуу күндөрү, самолетко салып алып чет мамлекеттен чет мамлекетке, больницадан больницага, ким эмнени айтса ошол жака илгери үмүт менен жөнөмөй. Акыры болбой үйдө болуп калганда жанында, начарлаганда дагы доктурга. Ушул кыйынчылыктын баары ден соолугуна таасир берди окшойт. Баары ичинде болгон, сүйлөшкөн менен сүйлөшчү. Жазып эскере берсе чексиз. Армансыз өмүр өтпөйт тура, эң кичүү балам Тариэл менен болом, ушуну үйлөнтөм дечү эле, бул да ишке ашпады.

Дос кыргыздын мыкты жигиттеринен болгон, мунун иш билгилиги, жөнөкөйлүгү, адамкерчилиги, кадрды баалай билгендиги, орусча-кыргызча так сүйлөгөндүгү өзгөчө сөз. Искусствонун адамдарын жогору баалайт эле. Себеби Майли-Сайдагы музыкалык мектепти бүткөн. Баянда, аккардеондо жакшы ойночу. Немистердин, татарлардын, орустардын арасында мен өзүм жалгыз окугам, барбайм десем атам урушуп, болбой жатып киргизген, эмнеге киргизгенин деле билбейм дечү. Бүгүндөн баштап ДОСум укпайт, сүйлөбөйт, мемиреп уктайт, бир күндөн кийин кабат-кабат кара жердин астында, жымжырттыкта... “Каяктасың? Келбейсиңби?, - деген жакын ДОС жок.

Жаткан жериң жайлуу болсун досум, топурагың торко болсун досум, көрбөй калган жакшылыктарыңды балдарың, неберелериң көрсүн.

Камбар аке, Баты, Кубаныч, Автандил, Аида, Тариэл сабыр кылгыла. Ооо арман дүйнө, чиркин өмүр.

Элдик уул, мыкты генералдын жакын досу  Нур Саралаевдин эскерүүсү

Эске сала кетсек ИИМдин мурдагы жетекчиси Молдомуса Конгантиев 12-февралда 63 жаш курагында Майлуу-Суудагы үйүндө көз жумган.  

Молдомуса Конгантиев 1958-жылы 31-мартта Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган. ИИМди 2008-жылдан 2010-жылга чейин жетектеген. Кыргызстандагы эң кадыр-барктуу генералдардын алдыңкы сабында турган.

Последние новости