www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарына ат, эшек жол салып, аларды байлай турган торсун, устундарды тургузуп бербесеңер болбой калды. Бул туралуу пикирин Рахима Эрназарова билдирди. 

«Бүгүн 1-сентябрь, маршруттук унааларда жалпак жөжө болушту. «Окуумдан кечиктим, эжекебиз 08:00гө кечикпей келгиле, деген эле, үчүнчү маршрут албай кетти», деп ыйламсыраган балакайлар.

Анчалык болду, алыбызга жараша ат, эшек эле алып алалы да, бийлик байлай турган торсун орнотуп берсин. Депутаты да, мэрия дагы иштегиле ат, эшекке жай таап, элди кыйнабай.

Кайсыл бетиңер менен элдин эсебинен айлыкты алып тылтыйып отурасыңар? Элге качан мүмкүнчүлүк жаратып, бересиңер жооп берип койгулачы, качан, качан, качан? Же эмне бийлик карапайым элди адам ордуна көрбөйсү? Борборду тазалап, кенен автобус, маршруттук таксилерди жүргүзө албасаңар эмнеге кызматта олтурушат? Урматтуулар үнүбүздү угаар бекен?», - дейт Рахима Эрназарова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости