www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиядагы мигранттардын 3-сентябрга чейин каттоодон өтүүгө мөөнөтү бар экен. Бул тууралуу деп ЖКнын депутаты Нуржигит Кадырбеков билдирди.

Анын айтымында, мигранттар 3 ай сайын каттоону жаңылаш керек.

«Мигранттардын белгилүү мөөнөтү бар. Мурда билесиздер, 1 жыл болчу. 5-7 миң рубль менен жаңыртышат. Азыр 3 ай сайын каттоону жаңылаш керек экен. Эмгек келишими же каттоосу жоктор коомдук транспорт менен жүрө албайт. Миллиондогон мекендештерибиз эмгек келишимин түзө албайт. Бул реалдуу нерсе эмес. Ошол үчүн Тышкы иштер министрлигинин миграция департаментине тапшырма берсеңиз», - деди эл өкүлү.

Ал эми депутат Исхак Масалиев миграция маселеси боюнча Мамлекеттик Думага кайрылууну сунуштады.

«Мамлекеттик Думага кайрылуу жасап көрөлү. Миграция мыйзамын карап чыкса, мекендештерибизге жеңилдик болот», - деди ал өз сөзүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости