“Ата-Мекен” партиясынын штабына белгисиз адамдар келип, Текебаевдин кечирим сурашын талап кылышууда
Саясат  |   |  4241

Бүгүн 21-ноябрда “Ата-Мекен” партиясынын штабына белгисиз адамдар басып кирип, ызы-чуу чыгарып, Өмүрбек Текебаевдин келип кечирим сурашын талап кылышты.

Маалыматка ылайык, 20га жакын маска тагынган белгисиз адамдар келген. Штабды кайтарып отурган кызматкердин айтуусунда, алар партиянын лидери Өмүрбек Текебаевдин жаңы сунушталып жаткан Конституциянын долбоорунун авторлорун "Азаттыктын" эфиринде сындаганы үчүн кечирим сурашын талап кылышкан.

Булак: NazarNews.kg

 

Поделитесь с друзьями