www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азыр юридикалык жактан түшүнүксүз  болууда. Кумтөрдү улуттук холдинг, ал эми холдингди иштен алынган Бөлтүрүк башкарып жатат. Мындай пикирин жарандык активист Атай Бейшенбек NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди. Анын айтымында, Теңиз Бөлтүрүктүн аракетинен келтирилген зыяндын цифрасын жарыялоо керек болчу.

«Биринчиден, «Теңиз Бөлтүрүктү» «Кумтөрдөн» убактылуу башкаруу кызматынан алып, ошол эле учурда «Улуу көчмөндөрдүн мурасы» холдингинин төрагалыгын сактап калганы укуктук жактан көптөгөн суроолорду жаратууда. Акылбек Жапаровдун чечими менен “Кумтөргө” убактылуу жетекчи болуп дайындалып, кызматынан алынып, андан соң “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингине убактылуу жетекчи болуп дайындалганы баарыбыздын жакшы эсибизде. Азыр юридикалык жактан түшүнүксүз  болууда. Кумтөрдү улуттук холдинг, ал эми холдингди иштен алынган Бөлтүрүк башкарып жатат. 

Экинчиден, жыйынтыгы чыга элек Эсеп палатасынын аудитинин жыйынтыгын жарыялап, аны кызматтан алуу чечимине келишти. Менде дагы бир суроо пайда болду, алар белгилегендей, күйүүчү-майлоочу майларды, тамак-аш жана автотетиктерди сатып алууда канча зыян келтирилген. Коомчулук билүүгө абдан кызыкдар. Ага болгон мамиленин өзү да түшүнүксүз, эгерде Эсеп палатасы мыйзам бузууларды аныктаса, аны биздин стратегиялык кендерди башкарган Улуттук холдингге жетекчи кылып дайындоонун эмне кереги бар эле. Бул убактылуу токтотуу кошумча иликтөө үчүн негиз болуп саналат. Тенгиз Бөлтүрүктүн консалтинг компаниялары Кумтөрдү кантип тейлегени эсибизде. Баарын текшериш керек: кандай татыктуу уюмдарды алмаштырды, кимди тартты, Бөлтүрүктүн уулу Кумтөрдүн ишине кийлигишет деген сөздөр канчалык чындыкка жатат?», - дейт жарандык активист Атай Бейшенбек. 

Белгилей кетсек, 23-августтта "Кумтөр" компаниясын жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк кызматтан четтетилип, анын ордуна Алмаз Барыктабасов дайындалды. Бирок, Теңгиз Бөлтүрүк "Улуу көчмөндөр мурасы" Улуттук холдингинин жетекчиси бойдон калтырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости