www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ысык-Көл ОИИБинин жетекчиси Жумагазиев Канат Сагыновичке терең ыраазычылык! Ачык, жеткиликтүү, жөнөкөй болгонуна, ыкчам, адискөй реакция кылып, чогуу иштешип, кызматташканына. Көз тийбесин...» - деп акыйкатчы Атыр Абдрахматова Фейсбуктагы баракчасынан алкоо сөздөрүн жазыптыр.

Чындыгында эле Канат Жумагазиев кыраакы, көп ашууларды басып өткөн, дасыккан кадр. Ал 30 жашынан жетекчилик кызматтарды аркалаган. Бир канча РИИБге жетекчи, Чүй менен Бишкектин башкы милициясы, республикалык жол кайгуул кызматын жана ИИМдин 10-башкармалыгын жетектеген. Учурда Ысык-Көл ОИИБин татыктуу түрдө тескеп, облустун жүгүн көтөрүп жаткан чагы.

Көралбастар дайым бут тосууга, жалган маалымат менен жогору жакты адаштырууга далалат кылып келатат. А чындыгында, Канат-мырза кесибин сүйгөн, чынчыл, элге ак кызматын аябаган профессионал адис. Коомдук коопсуздук кырдаалды көзөмөлдөө менен көптөгөн профилактикалык иштерди ырааттуу жүргүзүп, кылмыштуулуктун кендирин кесет.

Ошол эле кезде чарбалык жумуштардыда бирдей алып келет. Кайсы жерде иштебесин, жаңычылдыкка, изденүү үстүндө. Идеяга бай, заманбап технологияга, санарипке басым жасайт. Омбудсмен жөн жерден мактабайт ко...

Булак: Азия News гезити

Последние новости