www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Пакистанда быйыл жайда жааган муссон жамгырларынан улам келип чыккан селдин натыйжасында кеминде 903 адам, анын ичинде 326 бала каза болду. Бул тууралуу Пакистандын Климаттын өзгөрүшү боюнча министри Шерри Рехман CNNге билдирди.

«Миңдеген адамдар үй-жайсыз, тамак-ашсыз калды, байланыш линиялары үзүлдү. Бул олуттуу гуманитардык катастрофа», - деп баса белгиледи министр.

Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, дээрлик 3000 чакырым жол жана 129 көпүрө бузулуп, олуттуу зыян тарткан аймактарга жол жабылып, 500 миңден ашуун мал өлгөн.

БУУнун гуманитардык иштерди координациялоо бюросунун маалыматы боюнча, июнь айынын ортосунан бери Пакистанда 2,3 миллион адам суу ташкынынан жабыркап, 95 миңден ашуун үй кыйрап калган.

Пакистан бийлиги эл аралык гуманитардык жардам сурады, деп белгилейт телеканал.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости