www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарандык активист Атай Бейшенбек уулу Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болгон Дайырбек Орунбековго бир топ курч суроолорду узатты.

Ал өзүнүн Facebook барачасы аркылуу Орунбековго түз кайрылып, коомдо көтөрүлүп жаткан маселелерди ошондой эле учурунда бийликтин берген убадалары жана аткарган иштерине токтолгон.

«Дайырбек дос, орун кут болсун!

Толук кандуу ишке кирип алсын деп 3 жума куттуктоо-суроолорумду кармап жүрдүм эле…

Биз сейилдеп, бир чашкадан кофе ичкенче убагында көп мамлекеттик иштерди, президенттин маалымат саясатын талкуу кылып калчу элек...

Мына, буюрса ал талкуу гана болуп калбастан ошол учурдагы айтылган сын, идеяларды ишке ашыруу учуру өз колуңа келди.

Кызматка бекиген соң, жакшы кайрылуу кылдың. Мен бийлик менен элдин ортосундагы көпүрө болуш милдетти аркалайм, башкача айтканда маалыматтык вакумду толуктайм деген максатты өзүңө жүктөдүң...

Эми бир нече суроолор азыркы учурда бир гана мени эмес, коомдун ар-кыл катмарынынын күн тартибинде турат, сразым сага узатып коеюн. Эсиңде болсо керек, Садыр Нургожоевич мындан ары бардык иштерге жеке керт башым менен жооп берем деди эле. Суроолор ал кишинин маалымат саясатын жүргүзө турган эң башкы адам катары сага болсун...

1. Акылбек Жапаровго тиешелүү деген ОАО «МИС» компаниясын Соцфонд сотко берип, 66 млн сомдон ашык каражатын төлөбөй жатат деп доо койду эле. Даке, ал акча көп деген карапайым элдин пенсияга чыгуусуна да тоскоол болду, канчасы төлөнүп канчасы списание болду?

2. Садыр Нургожоевич өлкөгө Ширшовдун келишинин бирден-бир себеби катары Максим Бакиев Кыргызстандан чыгарып кеткен 200 млн АКШ долларын таптым, мамлекетке кайтарып берем деп жатат деди эле, ал иш эмне болду?

3. Кумтөр Кыргызстанга толук өтөөрү менен баарын ийне-жибине чейин айтып берем деди эле, качан айтып берет? Эмне себептен бүгүнкү күнгө чейин Адилет министрлигинде Кумтөр бизге каттала элек?

4. Социалдык тармактарда чуу жараткан резиденцияда конок тосуу иш чаралары президенттин иш башкармалыгынын кайсыл чечиминин негизинде жана канча каражатка ким тарабынан төлөнүп өткөрүлдү? Резиденция режимдик объект да туурабы?

5. Мен транспорт министрлиги тарабынан тарыхыбызда биринчи жолу 1,5 млрд сомго 20 000 тонна битум сатылып алынганы тууралуу бир нече ирет видео кайрылуу жасадым эле, жооп берип койсоңор. Анткени Акылбек Жапаров айткан маалыматка ылайык битумдун 1 кг – 75 сом болуп жатат. Минтранстын видео кайрылуумдан кийинки жообунда 65,4 сом анан жеке жолукканда 58,8 сом болуп жатат. Так жоопту жана укук коргоо органдарына иликтөөгө жөнөтөөрүңөрдү күтөм.

6. Сөз эркиндиги деген принципти кармануу менен өзүң да куугунтукту көрдүң эле, эми мамлекеттин башчысынын сөз эркиндиги, саясатчы, активисттерге болгон ачык позициясын айтып койсоңор туура болот эле… Садыр ава куугунтук болбойт деп айтканы менен иш жүзүндө такыр бөлөк болуп жатат... Сен кызматка келгенде айткан диалог куруу форматы иштейби же шефтер ага каршыбы?

7. Эгемендүүлүк алганыбыздан бери агрардык өлкө аталганыбыз эле болбосо, алгылыктуу каражат бөлүнбөй келет деп айыл чарбасына 26,6 млрд сом бөлгөнүн президент айткан. Ошонун ичинде үрөн алууга 1,5 млрд сомдон ашык каражат сарпталып, реестрде жок үрөн алганыбыз аз келгенсип... көбү кампаларда калып кетти... Мамлекет ошол эле компаниядан, ошол эле үрөндү жеке компаниялардан дээрлик 20 сомго кымбат банк аркылуу сатканын иликтеп, бул маселеге өлкө башчысынын жообун коомго жеткирип койсоң дейт элем...

8. Президентке Улуттук банктын акыркы пресс релиз аркылуу тараткан маалыматын жеткирүү менен бирге жообун алып берүүңдү да өтүнөм. Эмне себептен алар 19 тонна алтындын кайда, канча баага сатылганын берүү учурунда 2021-жылы интервенцияга 730 млн доллар короттук деди, болбосо өзүлөрүнүн мурунку маалыматтарында 2021-жылы 698 млн 950 миң $ гана интервенция жасаган. Алтындарыбыз кайда, канчадан сатылганын жашыруу болбойт го...

9. Акырында президенттин чечимдеринин юридикалык негиздемелери мыйзамга шайкеш келээринен күмөн санаган аргументтер менен берип жаткан юридикалык коомдун өкүлдөрү менен президенттин ортосундагы көпүрө болуп, талдоо тактоо жүргүзүүңдү суранат элем...

Биз бири-бирибизге курч суроолорду берип, сындоо менен гана багыт көрсөтө алчудайбыз. Мактоонун планын уже 30 жыл алдыга аткарып салдык. Жоопсуз калтырсаң аркы Алмас экөөбүз ары-бери басып күтө беребиз. Бизде убакыт кенен...», - деп жазган ал.

Эске салсак, Дайырбек Орунбеков 3-августта Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси болуп дайындалган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости