www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вашингтон аскердик жардамын уланта берсе, Украина бүтүндөй түштүк аймагынан жана Днепрдин сол жээгинен ажырап калышы мүмкүн. Бул тууралуу АКШнын коргоо министринин мурдагы кеңешчиси, полковник Дуглас Макгрегордун American Conservative басылмасына жазган макаласына шилтеме жасап РИА Новости жазды.

Автор "АКШ Украинаны азыр, кеч боло электе куралдандырышы керек" деген ачык катты сынга алган. Ага дүйнөгө аты чыккан жыйырмадай америкалык жаран кол койгон. Макгрегордун пикиринде, курал-жарак жеткирүүнүн көбөйүшү жаңжалдын күчөшүнө алып келет.

"Согуштук аракеттер чечүүчү этапка жетти, эми кагылышууларды токтотуу керек. Ал эми каттын авторлору тетири демилгени көтөрүп жатышат. Алар Украинаны деңизге чыгуу мүмкүнчүлүгүн жоготууга алып келе турган өтө катаал стратегияны колдоп келишет", — деди адис.

Анын пикиринде, Орусия менен жаңжал канчалык созулса, Украинага келтирилген зыян ошончолук көбөйө берет.

"Мунун баары 1990-жылдары Билл Клинтондун тушунда жаралган көйгөй. Орусияны Европадан саясий жактан обочолонтуу саясаты туура эмес идея болгон. Жыйынтыгында Москва менен Пекиндин биримдиги пайда болду", — деп жазылат макалада.

 

Орусия 24-февралдан бери Украинада атайын операция жүргүзүп жатат. Президент Владимир Путиндин айтымында, түпкү максат — Донбассты бошотуу жана Орусиянын өзүнүн коопсуздугуна кепилдик бере турган шарттарды түзүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости