www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-- Марлен мырза, президент педофилдерге жазаны күчөтүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул депутаттардын, анын ичинде сиздин эмгегиңиз. Демилгечилердин бири катары айтсаңыз, долбоор сиздер сунуштаган вариантта кабыл алындыбы?

-- Мыйзам толугу менен өтүп, күчөтүлгөн механизмдердин баары кабыл алынды. Мисалы, мурда педофилдерге карата мунапыс колдонулуп келсе, эми мындан ары колдонулбайт. Ар кандай шылтоолор менен псих ооруканалардан справкаларды алып алышып, убагынан эрте бошоп кетишчү, эми андайга жол берилбейт. Жазалар кыйла кыскартылып калган экен, аны да күчөтүп, өмүр бою жазалоо боюнча нормаларды киргиздик. Ошолордун баары кабыл алынды.

-- Сиздин оюңузча, жазаны күчөтүү үчүн дагы кандай чаралар керек эле?

-- Албетте, мындайлар негизи өлүм жазасына татыктуу, бирок бизде өлүм жазасы алынып салынгандыктан, биз андай жазаны киргизе алган жокпуз. Комитеттеги, палатадагы талкуу учурунда кастрация боюнча да маселе көтөрүлгөн.

Бирок, “туура эмес колдонулган учурлар болуп калбасын” деп аны да киргизген жокпуз. Ансыз деле абактын өзүнүн мыйзамы боюнча педофилдер өтө катуу жаза алышат. Бычылгандай эле болуп чыгышат.

Азыр мен акимчиликтерге, айыл өкмөттөрүнө, муфтиятка кат даярдап жатам. Педофилдерге карата жазанын күчөтүлгөнү боюнча малымат элдин баарына жетиши керек.

Булак: Азия News гезити

Последние новости