www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Threads социалдык тармагында бийликти күч колдонуу жолу менен басып алууга ачык чакырыктарды камтыган материалдарды тараткан жаран кармалганын билдирди.
Маалыматка ылайык, 1982-жылы туулган Т.Д.Ш. аттуу жаранга Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.
УКМКнын маалыматына караганда, шектүү Threads платформасында мыйзамга каршы мазмундагы, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга чакырыктарды камтыган жана коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга алып келиши мүмкүн болгон материалдарды системалуу түрдө жарыялап турган.
Тергөөнүн жүрүшүндө жаран аталган материалдарды жарыялоого тиешеси бар экенин мойнуна алган.
Учурда кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилип, кылмыш иши боюнча тергөө иштери улантылууда.
Эскерте кетсек, буга чейин УКМК ушул эле берене менен Threads колдонуучусун кармаган.