www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батукаевди абактан чыгарып, өз мекенине узатуу маселеси боюнча ошол кездеги күч тармактары боюнча вице-премьер министр Шамиль Атаханов менен ошол учурда УКМКны жетектеп турган Бусурманкул Табалдиевдин орду өзгөчө чоң экени айтылып келет. Чынында экөө тең ошол кезде ушул Батукаевдин чыгып кетиши боюнча кызматтарынан айрылышкан. Бирок бүгүнкү күнгө чейин кутман курак жашына келип калышса да, Батукаевдин чыгып кетишине өздөрү кандай салым кошушканын, ортодо канча акча ойногонун ачык айтыша элек. Тим эле, бул маселеге эч тиешеси жок таза адамдай жүрүшөт. Абийирлерине камчы салбаса, Кудай үчүн деле болгонун болгондой айтышса болмок.
Акчаны кимдер алганы, деги эле чечендер Батукаев үчүн канча "жашылбайларды" беришкени да ачыкка чыгышы керек. Кудай бар, мунун баары эртеби-кечпи ачыкталат. ТЭЦ суукта жарылгандай, Батукаев маселеси да бир күнү жарылат. Ошондо чыныгы күнөөлүүлөр Кыргызстандан качып кетүү амалын ойлоп, жандалбасташы да толук мүмкүн. Баса, Кыргызстандан алып кетмекчи болуп, "Манас" аэропортунда эки күн күткөн учак Атахановдун баласы экендиги, ал кызмат үчүн Батукаевдин кишилери 200 миң доллар төлөшкөндүгү да эч кимге жашыруун болбой калган. Бирок Атаханов мунун баарын жалганга чыгарганга канча жанталашса да, тиешелүү деңгээлдеги далилдерди кантип жокко чыгара алат?
Булак: "Багыт.kg"