www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

7-майда Жеңиш күнүнө карата Көкбөрү федерациясы уюштурган көкбөрү оюнунун республикалык турнирде  улакчылар арасында уруш чыкты.

“Достук” командасынын оюнчусу Манас Ниязов менен “Сары-Өзөндүн” улакчысы Нурбек Юсупов мушташа кеткен. Экөө аттын үстүнөн жөөлөшүп, кийин жерге түшүп мушташа кеткен. Урушка башка оюнчулар да ат үстүнөн аралашып, бири-бирин жөөлөшүп, кийин эки улакчыны ажыратып калышты.

Оштун «Достук» командасы менен Чүйдүн «Сары-Өзөн» командасынын оюну 10:4 эсебинде аяктап, финалга “достукчулар” жолдомо алды.

Алар финалда Таластын «Ынтымак» командасы менен беттешет. Биринчи орун үчүн оюндар 9-майда өтөт. Бул турнирди Көкбөрү федерациясы уюштуруп жатат.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости