www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Батукаевдин чыгып кетиши боюнча кылмыш иши жандангандан бери бул ишке тиешеси бар бир катар адамдардын түн уйкусу бузула баштады. Жогоруда эки дарыгердин камалганын жаздык. Эми жакынкы күндөрү бул ишке тиешеси бар делген дагы 3 дарыгер кармалышы мүмкүн экендигин бизге ишенимдүү булактар кабарлашты. Алар Батукаев абактан чыгарылган 2013-жылы чоң кызматты ээлеп турган. Азырынча аттарын жазбай туралы.
Биринчиси Республикалык Кан борборунда убагында иштеген аксакал адам, илимий даражалары да кыйла экен. Экинчиси менен үчүнчүсү ошол учурда Саламаттык сактоо министрлигин жетектеп тургандар. Бул адамдар азыр сурак берип жатышат. Себеби, алар Батукаевдин дартын аныктоого чоң салым кошушкан, Бирок аларга жогорку жакта өкмөттүн деңгээлинде буйрук болгонун да унутпашыбыз зарыл. Кыскасы, Батукаевди абактан чыгаргандар боюнча кызыктар али алдыда. Буйруса, баары ачыкка чыгат.
Булак: "Багыт.kg"