www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2020-жылдын 9-октябрындагы "Ала-Тоо" аянтындагы башаламандыкты уюштурган деп шектелүүдө. Бул тууралуу жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Жактоочу шек саноо боюнча билдирүүдө эмне тууралуу жазылганын айтып берди.

"Атамбаев Өмүрбек Бабанов, Фарид Ниязов, Темирлан Султанбеков сыяктуу саясатчылар менен сүйлөшүп алган. Алар "Медиа Форум" имаратынын жанына элди чогултуп, "Ала-Тоо" аянтына бийликти басып алуу үчүн алып барган. Ошол эле учурда алар эски аянтта эски саясатчылардын бийликке келишине каршы болгон эл чогулуп турганын билишкен. Атамбаев топтошкон элди агрессияга үндөп, таш ыргытуу, курал колдонуу сыяктуу элементтери бар массалык мушташка себепчи болгон", —  деп жазылганын айтты. 

Жоошевдин жазганына караганда, Атамбаевдин катышуусундагы митинг "Ала-Тоо" аянтында өтүп жатканда ал жерге агрессивдүү адамдар эски аянттан келишкен.

"Алар тынчтык митингин өткөрүп жаткандарга кол салышкан. "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү Тилек Токтогазиев жаракат алган. Белгисиз адамдар мурдагы президент менен Сапар Исаковдун автоунаасын аткылаган. Кийин Өмүрбек Бабанов менен Өмүрбек Текебаев 9-октябрдагы митингдин артында экс-президент Сооронбай Жээнбеков турат деп айтып чыккан", —  деди жактоочу.

Эске салсак, 2020-жылы Жогорку Кеңешке өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылып 5-октябрда өткөн митинг Ак үйдү басып алуу жана бийликти алмаштыруу менен аяктаган. Сооронбай Жээнбеков октябрь айынын ортосунда кызматын тапшырып, мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяланган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости