www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү журналист Мелис Арып-Бек кыргыздын алп акындарынын бири Элмирбек Иманалиевге арнап китеп жазды. Бул тууралуу Мелис Арып-Бек өзү билдирди.

Анын айтымында, акылман төкмө акын эзилген эли үчүн күйүп бышып, арсыз саткын бийликтин чыккынчылыгын ашкерелеп, бет кабын сыйрып турган.

«Кыргыз журту эбегейсиз жоготууга учурап, бир жыл аралык убак өтсө дагы, алп акылман акыны Элмирбек Иманалиевди эскеришип, ага карата азалуу күндөр уланууда. Элмирбек кыргыз элине бир келген жаназык кулазык куту болгон! Көп кырдуу жана көп сырдуу чебер таланты менен өз жеринде карайлап, барксыз кулга айлынып бараткан каратаман калкына күч-кубат, дем берип, көңүлүн көтөрүп турган! Ардуу акылман төкмө акын эзилген эли үчүн күйүп бышып, арсыз саткын бийликтин чыккынчылыгын ашкерелеп, бет кабын сыйрып турган», - деп белгиледи Мелис Арып-Бек.

Эгемдин элен элчиси,

Элимдин элең энчиси!

Эмири элдин Элмирбек,

Эркеси элен элиндин!

Эл эпосу эсинде,

Элегинен элдин эленип,

Эс-акылы элең Элмирбек!

Эт-жүрөктү эзилтип,

Эртеледиң Эгеме Элмирбек...

Эңшерилтип эсин элиңдин.

Энчилеп эрте ээндикти,

Эзилттиңби Элмирбек?

Эсеби эрте экен Эгемдин,

Эми элесинди эстешип,

Эсиндесиң Элмир элиңдин...

Буга кошумча кыргыздын улук үч Атуулдары: эки акын Элмирбек Иманалиев менен Зайырбек - Ажыматов жана тирүү энциклопедиядай түркүн маалыматтарды өзүнө сиңирген, Элмирбектин эң жакын сырдаш-муңдаш досу - Сүйүнбай Бөрүбаевдин жаркын элестерине арналат. Үчөөсү тең жарышып, жарым жыл аралыгында дүйнө салышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости