www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Биздин бийликтин эл аралык аброю, Афганистандагы кыргыздардын Тажикстандан кайра чыгарылышы тууралуу кандай пикирдесиз?

- Бул жерде Кыргызстан алсыз. Демократия деген шылтоо менен ички тартип жокко эсе болуп, жадагалса кошуналарга да авторитетибиз калбады. Ички башаламандыкты токтото албай келебиз. Ар кайсы өлкөлөргө көрүнгөнү асыла берген сакалчандарга бийлетип, мектептен мечитти артык көргөн итий өлкө менен эч ким сүйлөшпөйт.

Ошондуктан, Кыргызстан проблемаларын эч качан өз алдынча чече албайт. Эл аралык көйгөйлөр оозунан айлансын. Афганистандагы кыргыздар эмес, Кыргызстандагы кыргыздардын проблемасы толтура. Албетте, аларга жардам бериш керек. Чек ара чыры чечилбей жатса, аларга жардамыбыз кайдан болсун?

Булак: Азия News гезити

Последние новости