www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кургак учук менен ооруган адамдарды эмдөө бейтаптардын макулдугу менен жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу брифинг учурунда Улуттук фтизиатрия борборунун башкы дарыгери Конушбек Сакмаматов билдирди.
"Бейтаптар активдүү фазадагы дарылоодон өткөндөн кийин вакцина алышат. Бирок ал үчүн өзү макулдугун бериши керек", — деди Сакмаматов.
Ошондой эле, ал кургак учукка кабылгандар кайсы учурда вакцина алууга болбой турганын айтып берди:
18 жашка чейинки жарандар;
- аллергиялык патологиянын оор формалары менен жабыркаган бейтаптар (препараттын компоненттерине болгон гиперсезгичтик);
- курч респиратордук оорулары бар бейтаптар;
- өнөкөт оорулар күчөп турган мезгил;
- залалдуу шишик жаңы пайда болгон учурда.
Булак: NazarNews.kg