www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Талибандар улуттарды карабайт бардыгын өздөрүнүн идеясына баш ийдирет», - деди бүгүн, 24-июлда NazarNews маалымат агенттигине саясат талдоочу Бакыт Бакетаев.
- Бакыт агай, Борбор Азия «Талибан» менен сүйлөшүүгө аргасыз боло баштадыбы?
- Борбор Азия Талибан менен сүйлөшүүгө барбаса дестабилизацияга учурайт. Тагыраагы, көп финансалык каражаттар согуш куралдарга жумшалат. Борбор Азиянын бийликтери өз ара келишим түзүп, талибан идеологиясына каршы бөгөт коюшу керек.
-Талибандарга да тынчтык керекпи? Же алар ислам динин бетине кармап, Афганистандын ар кайсы райондорун басып алгандай саясатын уланта беришеби?
- Талибандар бүт Афганистанды басып алса башка мамлекеттерге чабуул жасайт. Эгер Афганистанды жүз пайыз басып албаса анда токтойт. Талибандар улуттарды карабайт бардыгын өздөрүнүн идеясына баш ийдирет.
- Алар халифат курууну көздөшпөйбү?
- Талибандардын негизги максаты, идеясы дүйнөлүк халифат куруу.
Булак: NazarNews.kg