www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев тергөөгө тоскоолдук кылды деп айыпталууда. Бул тууралуу анын жактоочусу Сергей Слесарев билдирди.
Анын айтымында кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча иш тергелип жатканда Атамбаевдин суракка баруудан баш тартуусу ушундай айып тагууга негиз болгон.
"Айыптоо боюнча билдирүүдө тергөөчүнүн талаптарын аткарбоо боюнча беренени кошумча киргизишти", — деди ал.
Слесарев ошондой эле сот иштерине мурдагы президенттин катышпай эле коюусу боюнча өтүнүч келтире турганын кошумчалады. Себеби Атамбаев ага карата кылмыш иши мыйзамсыз козголгонун айтып, ага каршылык иретинде суроолорго жооп берүүдөн баш тартууда.
Булак: NazarNews.kg