www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев, Фарид Ниязов, Ирина Карамушкиналар канчалык жан талашса да, КСДПдагы абал күндөн-күнгө оорлоп, Атамбаевге ыктагандар азайып бараткандай. Алар канча жээрисе да, “КСДП Атамбаевсиз” деген кыймылдын демилгеси ишке ашчудай болуп калды.

Алар өз алдынча альтернативдүү саясий кеңеш, альтернативдүү лидер шайлашса, КСДПнын ичиндеги тиреш мындан да күчөөрү бышык. Сапар Исаков, Кубанычбек Кулматов, Албек Ибраимов камалганда Атамбаевчилер бийликти сындап, саясий куугунтук, өч алуу орун алып жатат десе, Икрамжан Илмиянов камалганда шайлоодогу сырларды билген үчүн камакка алынды деген ойду кыйытышкан.

Анан эле “шайлоо кассасы” деген күмөн санаткан маалыматты жарыялоого үлгүрүштү.

Эми болсо минтип пресс-конференцияларды тоскоолдукка учураткан жагдай жарала баштады. Атамбаев чындап эле КСДПга ээлик кылалбай калса, Сооронбай Жээнбековго каршы келечекте дагы кандай сюрприздерди даярдайт болду экен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости