www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги кыргызстандагы саясий кырдаалдарга кайдыгер  карабаган Жолдош Орозовго байланышып, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ортомчулар аркылуу Сооронбай Жээнбеков менен элдешүү аракетин көрдүм дегенине ишенсе болор, болбосун сурадык.

Атамбаевдин бул билдирүүсү элге жаңылык деле эмес, анткени Атамбаевге чейин анын жакын адамы Фарид Ниязов экөөнү элдештиргенге аракет кылдым, бирок колумдан келген жок деп кимдер аркылуу аракет кылганын айткан. Кеп Атамбаевдин 1 жыл убакыт ичинде Жээнбековго элдешүү сунушун сакалдуу башы менен бир эмес бир канча жолу киргизип жаткандыгында. Эгер чын эле Атамбаев элдешүүгө ынтызар болуп, Жээнбеков көгөргөндүк менен душман катары карап калса, анда бул элдешкистикке кандайдыр бир орчундуу маселе себеп болгон. Азыр экөөнүн ортосундагы таарынычы менимче үстүртөдөн айтылып, болгону Атамбаевдин жакындарын камап койгону үчүн таарынып жаткандай түр көрсөтүлүп, аягы өзү каалагандай, самагандай абсолюттук бийликке жетпей калганын айтпаса да, сөз ортосунда байкабай кыпчып кетип жатканы билген кишиге түшүнүктүү эле болуп калды. Менимче балээнин баары ушул жерде, эгер Жээнбеков моюн толгобой лаппай таксыр милдетин аткарганда Сапар Исаков, Шоопур, Албек Ибраимов,К.Кулматовдор камалмак эмес. Алардын күнөөсү барбы же жокпу бул бөлөк маселе. Негизги чындык Жээнбеков билсең мына момундай кылып коём деген кыр көрсөтүүсү тигилерди камакка алгандан кийин далилденип калбадыбы? Эми мындан аркы экөөнүн тирешүүсү кандай өңүттө жүрүшү мүнкүн деген ойду эл да күтүп калды. Чынында эле эрегиштен эр өлөт дегендей чыр ырбайбы, ырбаса эки жаат болуп ким-кимдер чабышат маселе өзүнөн-өзү ушуга барып такалат. Эгер мурунку Акаев, Бакиевдерден бери келе жаткан саркындылар эки жаат болуп чабышса, андан эч майнап чыкпайт. Себеп алардын кылык-жоруктары жалпы элге маалым. Булар Кыргызстанды алдыга эмес артка сүйрөрүн жумурай журт түшүнөт. Ал эми элге жамандыгы көрүнбөгөн, билими, мамлекеттик түзүлүштүн күңгөй -тескейин билген адамдар катышкан жыйындар болсо жалпы эл катышууга даяр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости