www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги  коомдук ишмер Эдил Байсаловго экс-президент Алмазбек Атамбаевдин ортомчулар аркылуу Сооронбай Жээнбеков менен элдешүү аракетин көрдүм дегенине ишендиңизби деген суроо менен кайрылдык.

 - Атамбаевдей эки мүнөздүү, калпычы адам жок болуш керек бизде. Эми карасаңыз, бүт жоопкерчиликти Жээнбековго оодарып атканын. Эштеке боло электе, Сапары премьер, Индирасы башпрокурор, Албеги мэр, Абдили УКМК болуп турганда - "Жээнбеков - Бакиевдин жолуна түштү" деген макалаларды "Суперинфо" менен "Вечерний Бишкек", Акипресс сыяктуу сайттарга бастырткан ким эле? Бул февралда болуп аткан окуя.

Андан кийин өзү съездде "Жээнбеков даяр текстти окуп бергенден башка жарабайт" деп аныктама бергеничи. Көргөн-билген кишилер айтышат, ошол биринчи айлары президент ага чалып, кеңешейин, ден соолугун сурайын десе, телефонуна жооп берчү эмес экен. Анан ага келген депутат министрлерге "көрдүңөрбү, мен муну менен сүйлөшпөйм, бул президент эмес, менмин. Өкмөт жана баардык мамлекет мага кана баш ийет" деп айтканын ондогон кишилер өз кулагы менен уккан. Ошого карабастан, Жээнбеков кайра кайра алдына түшүп, сабырдуулукка чакырган. Атамбаев көнгөн эмес. Анан элдин баары Жээнбеков жака ооп кеткенден кийин, ооба, орто жерден Чыныбай Турсунбеков сыяктуу депутаттар ортого түшүп, элдештүрүү аракетин көрүшкөн. Бирок, анда дагы Атамбаев шарт койгон, "тез арада Албек, Сапарларды бошотосуң, менин тилимди аласың, болбосо көрөсүң" деген сөздөрдү айттырган. Эми болсо өзүн байкуш, алданып калган ишенчээк айкөл кылып көрсөтүүдө. Жеткен акмак экен президент. Бирок бул жерде медицина менен эле түшүндүрүүгө болот. Эми карасаңыз - былтыр Бабановго каршы иштерди өзү козготуп, Канат Исаевди камап, кайдагы бир "полковниктер курал жарак топтошкон" деген ушактарды айтып, Бабановдун колун толгоп, коркутуп, аны "мен саясаттан кеттим" деп кагазын жаздыртып алган киши - эми анысын дагы Жээнбековко оодара салганын. Эми буга ким ишенет. Баардыгынан жаңылыптыр бул киши. Азыркы сөзүнө ким ишенет? Жалгыз эле максаты - элди бир дүрбөлөңгө салып, бир согуш болуп кетсе, ошону менен анан "кудай урду" деп Жээнбековду оодарыш. Ошол эле жалгыз тилегени.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости