www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаев Кой-Ташка “элдик штаб” ачамын деп коомчулуктун назарын үйүнө түшүрдү. Учурда социалдык тармактарда Хан сарай тууралуу ар кандай пикирлер жазылууда. Окурмандарга Шамиль Таабалдиевдин пикирин сунуштайбыз.
Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн балдардын реабилитациялык борбору кылса болчудай
Бир жумадан бери Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы хансарайында элди тирүү калкан кылып жашынып отурганына баарыбыз күбө болуудабыз. Ошол эле учурда мунун арты жамандык менен бүтпөсө экен, тынччылык эле болсо экен, деп элдин басымдуу бөлүгү кабатыр болуп жатат.
Биз дагы активдүү жаран, мамлекеттин келечегине кайдыгер карабаган патриот катары Кой-Таштагы бул хансарайды көрүп келүүнү чечтик.
Атамбаевдин үйүнө аз калганыбызды жолду бойлой унаалардын токтоп турганынан билдик. Эл кирип-чыгып, унаалар келип-кетип, бул үйдүн тиричилигин камсыздаган активдүү кыймылдар болуп жатканын айгинелеп турду. Кире бериште 4 боз үй тигилген. Атамбаевдин үйүнө кириш үчүн атайын рамкадан өтүп, күзөтчүлөрдүн текшерүүсүнөн өтүшүң керек. Ичине, кенен короого кирдик. Ар кайсы жакта, көлөкөнүн астына корголоп, элдер отурат. Бала-бакырасы менен келип, күндө эзилип отурган элди көрүп боорубуз ооруду.
Байкасак, бул жакта эл сорт-сорт болуп бөлүнүп калгандай. Атамбаевдин өзү жана үй-бүлөсү, эң жакын 5-6 адамдары анын нары жактагы блок-пост коюлган, бетон таштар жана бийик дарбаза менен тосулган, кире беришине таштар төгүлүп, чөп менен жабылган особняк үйүндө пландарды куруп отурганы көрүнүп турду. Бул жакка эч кимди киргизишпейт жана жөнөкөй элге шаамшаркыт жанына да жологонго болбойт. 10го жакын күзөтчүлөр бул үйдү кайтарууга алышкан. Кечинде гана, күнүнө бир жолу, Атамбаев булуттан чыккан айга окшоп, өзүнүн хансарайынан чыгып, эл менен учурашып, бала-бакыра менен сүрөткө түшүп (пиарды унутпаш керек), кайра кирип кетет экен.
Андан кийинки сорттогулар оокат жасап, тиричилик жактан кызмат кылып жүргөндөр – тамак-аш ташыган, мал сойгон, тамак жасаган, от жаккан ж.б.
Кийинки сорттогулар улагада массовка катары ары-бери сенделип жүргөндөр, көлөкөдө корголоп, Атамбаев же башка 1-сорттогулар чыкканда тегеректей калып, колдоп тургандар, ошондой эле журналисттер экенин көрдүк. Бул массовка боз үй кылып салынган жайга киришет, кайра чыгып, короого отурушат – болду, башка жакка киргенге болбойт.
Түрмөнү же чек араны курчагандай тикенек зымдар менен бул территория толугу менен курчалган. Тоонун боорунда жайгашкан бул гектарлаган жайык эч ким жок тынч убакта жайкы аптаптагы шаардын ысыгы менен ызы-чуусунан кийин салкын, бейиштин төрүндөй эле жер болуп көрүнөт экен. Ары жакта суу шаркырап агып жатат, чымчыктар сайрап жатат. Бир саамга, балдардын дарыланчу жана эс алчу жайы, реабилитациялык борборго ылайыктуу эң сонун жер экен деп элестетип кеттик. Мындай жер чындап эле ызы-чуунун, чыңалуу менен тирешүүнүн, саясаттын кайнаган чордону эмес, балдардын келечегин кура турчу жер экен.
Ал эми азырынча бул жакта саясий процесстер жана ошол процесстерди камсыздаган элдин тиричилиги кайнап жаткан кез.
Булак: NazarNews.kg