www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эгер өлүм жазасы бизде болгондо Атамбаев далайлардын убалына калып аттырып салмак. Мотуев, Жапаров, Ташиев, Кадыров,Талгарбеков, Самаков, Түлеев, Текебаев сыяктуу далайлар Атамбаевдин «элегинен» эленип камалышкан. Кудайга тобо, өлүм жазасы болгондо далай мыкты жигиттерден ажырамакпыз. Президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген Манас Арабаев 2018 –жылдын 15- майында кызматынан алынды. Соттордун үстүнөн сот болуп келген Манас Арабаев далай бейкүнөө адамдарга жалаа жаап, эч кылмышы жок болсо да, ойдон чыгарылган кылмыш иштерин токуп, бир катар соттук иштерге кийлигишип, аларды үстүнөн карап, сот ал каалагандай өкүм чыгарыш үчүн кысым жасап келген. Манас Арабаев сот иштерине кийлигишкени аз келгенсип, сот тармагындагы кадрдык саясатты алаканына салып өзү билген.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Карганбек Самаковго козголгон кылмыш иши Манас Арабаевдин жеке кийлигишүүсү менен өткөн. Күбө катары 60тан ашык киши суралып, Самаковдун ак экендиги баса белгиленип атса дагы чекит коюлбай жаткан соттук иш, атайын Манас Арабаевдин буйругу менен жасалганын айгинелеп тургандай. Ал эми Манас Арабаев ошол кездеги Кыргыз Республикасынын президенти Атамбаевди жал –жал карап, анын айтканы менен келгени дудуктан башкага түшүнүктүү.
Карганбек Самаковдун ишин биринчи инстанциядагы судья Чыңгыз Адамкулов караган. Көптөгөн адамдар суралып, Карганбек Самаковдун бул иштери кимдир -бирөөлөрдүн буюртмасы менен аткарылып жатканы тастыкталып, «акты ак, көктү көк» деген судья Чыңгыз Адамкулов жогорку жактагылардын көрсөтмөсүн аткаргысы келбей актоо өкүмүн чыгарарда, ортодо президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген Манас Арабаевдин элеси жарк дей түшөт. Анын кийлигишүүсү менен Карганбек Самаковдун ак экенин далилдеп, актоо өкүмүн чыгара турган Чыңгыз Адамкулов көз ачып жумгуча алмаштырылат. Мыйзамдуулукту сактоо үчүн Чыңгыз Адамкулов «ооруп жатат» деген шылтоону табышат. Чынында бул мезгилде Чыңгыз Адамкулов оорубай эле башка жактарда өз ишин улантып жаткан. Мындай «теке секирик» кадрдык алмаштыруунун башында президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген Манас Арабаев туруп, кожоюнуна жагыш үчүн куйругун чамгараткан дөбөт сымал шыйпалаңдап турган. Бул бир гана Карганбек Самаковго жоктон таап жүктөлгөн кылмыш иштеринен үстүнөн болгон соттогу Манас Арабаевдин калыссыздыгы, адилетсиздиги, шыйпалаңдап өз кожоюндарына жагынуусу. Ушундай ыплас иштерге барган адамдар чыйт түкүргөн бойдон эч жоопкерчилик үчүн жооп беришпей, кызматынан алынып эле кутулуп кетеби? Кылмышы жок адамдарга кылмыш чүрмөп, өзү каалагандай «талкан көөлөгөн» Атамбаевдик президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген Манас Арабаев да өз жоопкерчилигин тартуу керек эле.
Карганбек Самаковдун үстүнөн жалган доомат менен өткөн сот процесстеринин башында Манас Арабаев баштаган арбайган-сарбайган колдордун элеси көрүнөт. Бул сот процесстерин калтырбай, баарына катышып келген адамдардын көз алдында төмөнкү сүрөттөр чагылышат. Атамбаевдик президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген Манас Арабаев бул жакка күтүрөтүп айыптоочулардын барын айдактаган. Алгач төрт айыптоочу иш алып бар¬са, бирөө жумушун которуп кетип үчөө калган. Бирок процесске кээде эле үчөө катышпаса, көбүн эсе экөө иш алып барган. Алардын бири акчага өлө тоюп алып ыксырап уйкусу келген Жеңишбек Нуралиев соттук отурумдун көбүн уктап өткөрдү. Бул кишинин процессте уктап түшкөн сүрөттөрү журналистерде өзүнчө бир коллек¬ция. Атамбаевдик президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген Манас Арабаев берген буйрутманы ашкере аткарып жаткан прокурор Медербек Абдышев болгон. Анткени, сотто 61 күбө суралып, 60ы «Карганбек Самаковду жеке тааныбайм, жерди трансформация кылганга таасир эткен эмес, трасформация мыйзамдуу өткөн» деген сөздөрүнө карабай үнүн өктөм чыгарып, аларга кысым жасап атканы ачык эле байкалып турган. Көп учурда чындыкты айтып жаткан күбөлөрдү кагып-силкип, тыйганга үлгүргүп жатты. Күбөлөрдүн көпчүлүгү прокурорлор тергөө учурунда коркутуп-үркүтүп, кысым көргөзүү менен Самаковго каршы көргөзмө бергиле деп мажбурлаганын жашырышкан жок. Кандай аракет кылышпасын иштери оңунан чыкпаганын түшүнгөн соң 61-күбө катары жеке Карганбек Самаковдун уулуна чоң акча карыз Нурлан Асанов аттуу шылуунду алып келишип, негизги күбө кылганга аракет кылышкан. Чынында ал күбөнү Карганбек Самаковдун өзү деле жакындан деле тааныбайт экен, «Ата Мекен» партиясында Райкан Төлөгөновдун жардамчысы болуп иштеген дешет. Тескерисинче Нурлан Асанов Карганбек Самаковдун уулу менен бөлөк жерден таанышып, ишенимине кирип, жакшы долбоор сунуштап, алдап акчасын алып кайтарбай жатканы боюнча милицияга арыз менен кайрылган. Бул адамкерчиликсиз күбөнүн керек болсо карыз алдым деген тил каты менен видео тасмасы да бар. Мына Манас Арабаевдин ишенген адамы!
Атамбаевдик сот бул адам боюнча иш козгогондун ордуна про¬курорлор аны калканычка алып, Карганбек Самаковдун үй-бүлөсүнө каршы иштетти. Мили¬ция тергөөчүсү өздөрүнүн жетекчилери бул ишке жол бербей, бут тосушуп чоң суммадагы акчаны алып чойчоңдоп басып жүргөн, бул алдамчыга болушурп жатканы тууралуу түз эле айтып, иш козгой албай жүргөн. Про¬курор башы менен кожоюндарынын буюртмасын кыйшаюсуз аткаруу үчүн Медербек Абдышев аферага сугарылган Нурлан Асановду сот залында кандай сүйлөөрүн соттун кабинетине киргизип алып үйрөтүп жатканы эмне деген көрүнүш болгон. Бул боюнча видео жана фото далилдер бар экенин Карганбек Самаковдун колдогондор билишет. Ал эми прокурордун айткандарын жан дили аткарып келген Нурлан Асанов тууралуу кеп кыла турган болсок, бул чоң шылуун болгон. Ага 2004, 2007, 2012, 2013-жылдары алдамчылык, мародерчулук беренелер менен иш козголуп, көп жыл издөөдө жүрүп, камалып дагы чыккан экен. 2016 - жылы элди арзан турак жай менен камсыз кылып берем деп алдап, акчаларын алып из жашырып дагы иш козголгон. Соттун Карганбек Самаковду кайдан жана качантан бери тааныйсың деген суроосуна Нурлан Асанов «2014-жылдан бери» деп жооп берген. Анда ал мезгилде адилеттикти сактап жүргөн сот Чыңгыз Адамкулов: «Сиз кандайча 2008-жылкы окуя боюнча күбө болуп жатасыз?»- дегенде, прокурордун көрсөтмөлөрү менен жалаа жаап жаткан Нурлан Асанов дааратканага чыгып келейинчи деген боюнча сотко кайрылып келген жок. Мына ушундай жалган жалаа, кысым, коркутуу-үркүтүү менен бул иш токулган десем жаңылышпайм. Коюлган дооматтарынын бир пайызы да далилденген жок. Мунун баарын эске алып, прокурорлор уят болбош үчүн биз айыптан баш тартабыз дейби экен деп элдин көбү күтүп жаткан. Тескерисинче Атамбаевдик президенттик аппараттын соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген Манас Арабаевдин буюртмасы менен сотто эч нерсе болбогондой жалган дооматтын барын чын деп жатканда, буларда эч бир адамдык сапат жок экенин түшүнсө болот.
Президент Сооронбай Жээнбековдун учурунда сот тарабынан Карганбек Самаковдун иштери кайра каралып жатканда Манас Арабаев кол алдында турган сот коллегиясына тапшырма бердиртип, бейкүнөө адамдарды мыйзамсыз камакка калтыруу чечимин чыгарган жаткан. Учурунда Манас Арабаев акча өндүрүү максатына жете албай райондук сот процессинде шашылыш түрдө сотту Дамир Назаровго алмаштырып каматты эле. Ал максаттарына бары бир жетебиз деп ниеттенишип, ал тилектери ишке ашпай өч алып жатышкан. Ол-да кудай –ай алар таянып келишкен кожоюну Алмазбек Атамбаевдин өзү балакетти басып, темир торго келип, алардын айлалары кетип, бирден чилдей чачырай баштады. Бул иш боюнча кыскача маалымат. Бир да далил келтирилген жок. 60 күбө бирдей айтышкан, Самаковго дооматыбыз жок дешип. Алардын ичинен тиешелүү мамлекеттик кызматкерлер трансформация мыйзамдуу болгонун айтышкан. Керек болсо жүздөгөн трансформация токтомдордун эң мыйзамдуусуу болуптур. Алар Самаковдор трансформацияга аралашпагандыгын айтышкан жана эч кандай зыян эч кимге келтирилген эмес. Бул тууралуу кененирээк токтоло кетмекчибиз.
Жогорку соттун 2021-жылдын 3-февралындагы токтому менен Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун 2017-жылдын 19-декабрындагы жана Бишкек шаардык сотунун 2018-жылдын 1-июнундагы экс-депутат Карганбек Самаковго карата чыгарган өкүмдөрү жокко чыгарылып, жазык иши жаңыдан кароого Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна жөнөтүлдү.
Экс-депутат Карганбек Самаков, экс-вице премьер Искендер Айдаралиев, экс-айыл чарба министри Арстанбек Ногоев Чүй облусунун Кара-Жыгач, Байтик, Лебединовка айыл аймактарынан жалпы аянты 262 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялаган деп айыпталган.
Карганбек Самаков 10 жылга эркинен ажыратылган, эки жолку амнистициядан кийин жаза мөөнөтүнүн үчтөн экиси кыскартылган.
Аны менен кошо камалган уулу Кубанычбек Самаков, Абай Таштанбеков, Аликбай Сариев, Эрнис Койчуманов, Урмат Нурдинов 8 жылга камалып, эки амнистициядан кийин жаза мөөнөтүнүн үчтөн бири кыскартылган. Экс-премьер Игорь Чудинов менен Искендер Айдаралиев 5 млн сомдон айып төлөгөн.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg