www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«УКМК менен Сыймык Жапыкеев элди алдап, коррупция менен күрөшүп жаткандай таасир калтырууда. Бирок, коррупция менен күрөш тандалма жүрүп жатат», - деди бүгүн, 11-февралда NazarNews маалымат агенттигине саясатчы Бектур Асанов.

- Бектур мырза, Сыймык Жапыкеев коррупция менен күрөшүүдө туура эле багыт алдыбы же күмөн санатууну жаратып жатабы?

- Сыймык Жапыкеевдин коррупция менен таза күрөшүп жатканына менин деле көзүм жетпейт. Анткени, ал бир гана кишиге асылып, ошонун тегерегинде гана сүйлөп жатат. Мисалы, приватизациянын арты менен көп дүйнөгө ээлик кылган, Жумалиевден да бай адамдар бар. Эмнегедир алар тууралуу ооз ача элек. Жалпы приватизация боюнча да иш козгоп, адилетсиз болгону боюнча сөз айткан да жок.  Ошон үчүн Жапыкеевдин коррупция менен күрөшкөнү мага башынан эле шек санаткан.

- Демек, УКМК менен Жапыкеевдин мыйзамсыз баюу деген берене менен иш козгоп, камагандарынан да маселе жаралышы мүмкүнбү?

- УКМК менен Сыймык Жапыкеев элди алдап, коррупция менен күрөшүп жаткандай таасир калтырууда. Бирок, коррупция менен күрөш тандалма жүрүп жатат. Эгер чындап, мыйзамсыз байыгандар жана коррупцинерлер менен күрөшө турган болсо, шаардагы облустагы соода борборлору ачылган имараттарды дагы көз жаздымда калтырбашы керек.

Айтайын дегеним, Борбор калаадагы ЦУМ (Айчүрөк), «Айпери» соода борбору, Ош базары, бир канча жогорку талапка жооп берген мейманканаларды кимдер алышканын да ачык айтып, аларды дагы текшериши керек.

Тагыраагы, мыйзамсыз  байыгандардын баарына бирдей мамиле кылышпаса, элди ушундай жол менен алаксытабыз деген шоусу бат эле аяктап калат. Ошондой эле, баарына тегиз мамиле кылышпаса, эл тарабынан жакынкы арада эле жөндүү дооматтарды угуп, сокку алышат.

Анткени, буларга саясатчылар, бизнесмендер, коомдук активисттер кыжырдана башташты. Себеби, УКМК менен Финансы полициясынын аракети коррупция менен күрөш эмес, элди гана алдоого окшоп бара жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости