www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын октябрь окуяларынан бери эки жыл өттү. Ал күндөрдө болгон окуяларга тарыхчылар так баасын бериши зарыл. Бул тууралуу экс- президент Алмазбек Атамбаев “Фейсбук” социалдык барагындагы кайрылуусунда жазган.

“5-6-октябрда эл мамлекеттин тарыхында үчүнчү жолу үй-бүлөлүк-кландык башкарууга жол берген президентти кулатты. Бирок андан аркы окуялар Март же Апрель революциялар учурундагыдай болгон эмес, тескеринче таптакыр башка нукка бурулган.

Элдин кыжырдануусунан жашынып жүргөн президент, митингдин лидерлеринин ортосундагы карама-каршылыктары менен пайдаланып, айрымдары менен ортомчулар аркылуу тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки күндөн кийин 8-октябрда бийликти кайрадан тартып алган.

Бир жумадан кийин, 15-октябрда президенттиктен расмий түрдө баш тартууга аргасыз болгону менен, ал чындыгында бийлик тизгинин Жапаров, Ташиев, Зулушевдерге макулдашып өткөрүп берип элден өч алууга жетишти .

Атайын кызматтар тарабынан жазылып, соцтармакка тараткан, уят сөздөрдү камтыган аудиотасмада муну Сооронбай Жээнбеков өзү да мойнуна алып жатат.  Башкача айтканда, жеңиш элден жөн эле уурдалган”,-деп билдирген  ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости