www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент менен Өзгөн районундагы жолугушууда даярдалган адамдар бар болчу. Бул тууралуу 24.kg агенттигине депутат Адахан Мадумаров билдирди.

Парламентарийдин айтымында, ал жыйында эки жолу сөз сүйлөгөн.

«Мен Кемпир-Абад суу сактагычын берүүгө каршы экенимди айткам. Кечээки иш-чара Өзгөн районунун тургундары менен жолугушуу деп аталды. Балким бул аймакта жашаган элдин 30-40 пайызы болгондур. Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы айылдарда жашагандардан бир-эки адам гана болду. Бийликтин жана уюштуруучулардын айткандары гана, жыйынга катышышы керек болгон адамдар гана болду. Ал жерде Аксы жана Ала-Бука районунун тургундары болгондугун дагы кандай түшүндүрсө болот?», - деди Адахан Мадумаров.

Кечээ Өзгөн районунда президент Садыр Жапаров менен жолугушуу болуп өттү. Жергиликтүү тургундар Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүүгө каршы митингге чыгышкан.

Булак: 24.kg

Последние новости