www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мүмкүнчүлүгү чектелген баласы бар жүргүнчүгө орой мамиле жасаган №17 троллейбустун айдоочусуна сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

«Бишкек троллейбус башкармалыгы» билдиргендей, Оксана Трубицинага орой кайрылуусу үчүн айдоочу Догдурбаев эмгек жана каржы тартибин бузуу фактыларын талдоо боюнча комиссияга чакырылган.

Комиссиянын чечими менен айдоочуга сөгүш жарыяланып, тейлөө маданияты үчүн үстөк акыдан ажыратылды.

Белгилей кетсек, буга чейин Оксана Трубицина 3-октябрда троллейбустун айдоочусу Церебралдык шал жана талма оорусуна чалдыккан баласы транспортко акырындап кирип бараткандыктан орой мамиле жасап, уят сөздөр менен сөккөнүн билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости