www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте №17 троллейбустун айдоочусу майып баласы бар жүргүнчүгө орой мамиле жасады. Бул тууралуу 24.kg агенттигине жабыркаган Оксана Трубицина билдирди.

Анын айтымында, окуя 3-октябрда саат 16.00дөр чамасында болгон.

«Уулум церебралдык шал оорусу жана эпилепсия менен ооруйт. Ал 10 жашта. Троллейбуска отургубуз келип, жанына келдик. Мүмкүнчүлүгүнөн улам бала тепкичке акырын чыгып жаткан. Ошол маалда айдоочу кечигип калдым деп кыйкырып, тезирээк отурушубузду же таксиге отурууну талап кыла баштады. Баланын майып экенин, жалпысынан бул коомдук транспорт экенин түшүндүрдүм. Бирок айдоочу уят сөздөр менен жооп берди. Мен аны камерага тартып баштадаганда, ал мага орой мамиле кылганын четке кага баштады ”, - деди жабырлануучу.

Булак: 24

Последние новости