www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал үй куруу үчүн акча алып, из жашырып кеткен. Бул тууралуу борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

«5-сентябрда жабырлануучу милицияга арыз менен кайрылган. Ал 28-июнда ЖЧКлардын биринин башкы директору аны менен жеке үй куруу боюнча 2 миллион сомго келишим түзгөнүн билдирген. Акчаны алгандан кийин шектүү адам качып кеткен», - деп айтылат маалыматта.

Ыкчам кызматкерлер 51 жаштагы шектүүнү таап, кармоого жетишкен. Борбор калаанын Ленин райондук ички иштер бөлүмүнө кармалган жаранды жоопкерчиликке тартуу өтүнүчү менен дагы 10 арыз түшкөн. Жабырлануучуларга келтирилген чыгымдын жалпы суммасы аныкталды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости