www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чек ара тууралуу келишим парламенттин кароосуна бир айда киргизилет. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

Ал парламент эски регламент менен тогуз айдан бери иштеп келе жатканын, жаңысын кабыл ала электигин айтып, бул боюнча Нурлан Шакиевдин оюн сурады. Ошондой эле ал чек ара боюнча келишим парламенттин кароосуна киргизилерин сөз кылып, бирок ал келишим кайсы өлкө менен экенин тактаган жок.

«Келе жаткан бир ай ичинде делимитация боюнча бизге өтө олуттуу маселе алынып келет. Ал келишим боюнча кабыл алана турган чечим эч кандай шексиз болушу шарт. Эгер биз шашылыш кабыл алсак, эртең-бүрсүгүнү маселе чыгышы мүмкүн», — деди ал.

Шакиев жетинчи чакырылыш кабыл алган мыйзамдардын, чечимдердин баарын мыйзамдуу деп эсептерин жана жаңы регламент жакынкы күндөрдө кабыл алынаарын айтты.

Акыркы кезде коомчулукта Кемпир-Абад суу сактагычынын «Өзбекстанга берилгени» тууралуу сөздөр айтылууда. Аталган маселеге байланыштуу 4-октябрда президент Өзгөндө эл менен жолугушкан. Ага келген эл суу сактагычтын Өзбекстанга берилишине каршы экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости