www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарын “койондун жатагына” чейин билген Ош мэри Мелис Мырзакматов сепаратисттер Ош, Жалал-Абад облустарына автономия беребиз дешип,Тоолуу-Бадахшан автономиялуу облусуна чейин дикилдеп чуркап жүргөндө эле, Ош тарапка өзбек тилин мамлекеттик тил кылабыз дешип чамынып жатканда эле кандайдыр бир чатак чыгып кетпесин деп сезген. Мелис Мырзакматов жетектеген Ош шаарынын коопсуздук кызматкерлери булардын алдын-алуу максатында өз чараларын көрө баштайт. Бирок, шаардын коопсуздук органдары чамалуу болчу. Ошондуктан, бул ишке мамлекеттин коопсуздук органдары кийлигишиши керек эле. Ал эми мамлекет башында тургандар, айрыкча Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев сепаратисттердин ана башы Кадыржан Батыровду колдоп, ал эмес Убактылуу Өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын кабыл алуусуна кийирген. Ошондон соң ого бетер көктү караган Кадыржан Батыров барын өзү билген Түштүктүн “накта баатырына” айланат.
Ош жаңжаалы бүткөн соң батышчыл финн Доктор Киммо Кильюнен бул ишти иликтейт. Ал жетектеген ИККнын кыргыздын кыжырына тийген 103 беттен турган кайталанма отчетун окуп отуруп аз болуп калган экен деген ой туулат. Бизде доктор Апас деген бар ушуну кошуп, дагы 103 беттен турган кыргыздын дооматын кошо жазса болмок экен. Докторлордун жазганын докторлор гана түшүнбөсө, жөнөкөй адамдардын тиши өтпөйт тура. Мен калысмын деген Кильюнен шамшарын шартылдатып курчутуп турсун, анын айтуусунда Октябрь революциясына чейин Ошто өзбектер жашаган деген маалымат бар. Иосиф Сталин азан айтып атын койгуча өзбек деген калк өзү болгон эмес. Азыр деле ала топучандар ич ара канчага бөлүнөөрүн бир кудай, бир сепаратисттер гана билер. Арийне кыргыз элин эки революция сынап көрдү. Сынаганда да катуу сынады, ар кайсы жактан күчтөр Түндүк-Түштүк, Анжиан-Арка кылып бөлгүсү келди. Бирок кыргыз деген кылымдан бери келаткан бир калк экендигин айкындады. «Учу бирге бөлүнөт, түбү бирге кошулат» дейт. Биз кыргыздар түбү бир атанын балдарыбыз. Түбүбүз бир болгондуктан «кыргыз» деген ураан менен ынтымакка келдик. Өзбек эли токсон боолуу болгону менен тили, дини, түбү бирге түрк калкыбыз.
«Өткөндү тапанча менен атсаң, келечек сени замбирек менен атат» - дейт. Кильюнендин түрк элдеринин тарыхын билбегендиги айдан-ачык көрүнүп турган. Кыргыздар, сарттар, ферганалык түрктөр, ала допучандар, кыпчактар, шаар курдурганы алып келген перстин тукумдары,Чыңгыз хандын тукумдары, тажиктер,казактар сырткы душмандарга каршы «Бир жеңден кол чыгарып, бир жакадан баш чыгарып» биргелешип күрөшүп келишкен. Жунгар империясы казак,кыргызды сүрүп Ферганага кирип келгенде чогуу кубалап чыгышкан. Ошол мезгилде кыргыздар талашып-тартышпай эле «Анжианда досум бар, ал да менден шалаакы, Бухарада досум бар, бу менден шалаакы» дешип, Анжианды мекендеп турушкан. Кильюнендин теориясы боюнча анда Анжиан деле биздин жерибиз болуп калып атпайбы. Кыргыздар байыркы көчмөн эл болгондуктан Борбордук Азияда, Алтайда көчүп –конуп эле жүрүшкөн эмеспи. Көчүп конгон жерибизди талашып отурсак, анда Орусиянын Алтайы, Кытайдын Чыгыш Түркстаны, Казактын Ала-Таусу, Өзбектин Шушага (Ташкен) чейинки жерлери бизге тиешелүү болуп атпайбы. Ансыз деле чүрчүттөр мындан миңдеген жылдар мурун Каспийге чейин колу жетип турган экен, Мао-Цзе-Дундун шовинисттик саясатчылары Кытайдын географиялык картасын түзүшкөндө Каспийге чейин өз аймактары деп эсептешкен эмес беле. Албетте, Ошто сарттар жашагандыгы үчүн өзбектер өзүнүн жери деп эсептешсе, кыргыздын кээ бир саясатчылары ала топучандардын кыпчак спикери менен жең ичинен соодалашып, Кыпчак автономиясын түзөбүз деп, кыргыздын жерин Өзбекстанга оодарып жибергени тууралуу тарыхий маалыматтар бар. Кыпчактардан шору каткан шоркелдей баягы эле Иосиф Сталин Кыпчак автономиясын түзүүгө макул болбой, кыргыз калкы жерлери менен Өзбекстанда кала берген. Каякта эми ошол жүз миңдеген кыргыз калкы? Бир кылым өтүп өтпөй өзбектерге сиңип кетип баратат. Ал жактагы кыргыздар биздеги өзбектерчилеп министр, губернатор, депутат болгонду кой, бир районго аким болгондору бар бекен? А бизде болсо ала топучан ашыналарды чалчактатып, байлыгын ашырып –ташытып, бийликке жулунтуп атабыз. Кыргыз жергесинде эле байып алган ала топучандар кыргыздарды кемсинтип мамиле кылган учурлары жок деп ким айта алат? Өзбекстандагы кыргыздарды тим эле коёлу, момун кыргыздар тоо этектеп кетишип, шаарлардагы орчундуу, капчыктуу жайларды Акаевдин убагында эле «Кыргызстан-жалпыбыздын үйүбүз» -дешип өзбектер менчиктештирип алышканын ким танат? Ошолордун бири Кадыржан Батыров эмеспи.
Кильюнен мырза кокус кыргыздарды жоопко тарттыра турган болсо, Нүзүп аталыктан баштасын деген кеңешибизди берет элек. Себеби, ал жээни Шералынын кой бактырып коюп, убагы келгенде ферганалык түрктөрдү, ала топучандарды, сарттарды тебелеп өтүп, Кокондун ханын алып берип, өтүгүн хан сарайга илдирип коюп атпайбы. Ал эми азыркы өзбектерге тийишкен адамдарды эле жоопко тарткысы келсе Искендер Зулкарнайндан, европалыкча Александр Македонскийден башташ керек. Анан Чыңгыз ханды кошуш керек. Булар Бухара, Самарканга чейин келишип рахаттанышып, «ойноп» кетишчү. Арийне, 2010- жылы Кокон, Бухара, Самарканда өзбек калкы геноциди жок тынч эле жатышты. Бир гана байлык менен бийликке көпкөн Кадыржон Батыров баштаган «гангстер» авантюристтер эки ынтымактуу элдин ортосуна от жагышып коюп, эми өздөрү кыргыздарга түртө салып атышат. Өзбектер деле биз сыяктуу мусулман, асманда кудай калыс болсо, алар деле калыстыкты айтышар. Кильюненге окшогон капырлар келжирей беришсин. Эмнеси болсо да Ош жаңжаалы боюнча жыйынтыкты атайын түзүлгөн комиссия айтар.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg