www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Атамбаевдин кежеңдеп, суракка барбай жатышы, бийликтин алсыздыгын көрсөтүп бараткандай. Биздин парламент “аркан эшкен” сыяктуу, анткени алар 27-июнда Атамбаевди кол тийбестиктен ажыратуу тууралуу токтом кабыл алган. Атамбаевдин оюу боюнча ал “экс-президент” деген укукка ээ экенин, парламенттин аны бул статустан ажыратуу тууралуу токтому, “туалеттен ыргытып койгон кагаздай”кол тийбестигин алууга негиз боло албасын айтып Батукаевдин бошотулушу боюнча ИИМ Атамбаевди суракка үч жолу чакырса, жакын жуутпай койгон. Төртүнчү жолу ИИМ министринин орун басары Кой-Таштагы үйүнө чөгөлөп барып, кире албай кеткен.
Жээнбеков Чүйдүн Панфилов районундагы жолугушууда Атамбаевдин суракка баруудан баш тартып жатканы боюнча суроого жооп берди: «Ал азыр күбө катары суракка чакыртылып жатат. Бул эми мыйзам ченемдүү көрүнүш. Мыйзамдуу өлкөдө мыйзамдын алкагында гана аракеттер болушу керек. Мурдагы президентпи, мурдагы премьер-министрби, мурдагы депутатпы же катардагы аткаминерби, мыйзам бардыгына бирдей болууга тийиш. Бардык жарандар мыйзамга баш ийиши керек. Ошондо гана мамлекетте тартип болот».
Жээнбековдун ушундай жообуна удаалаш эле экс президенттин юридикалык өкүлү Сергей Слесарев Ички иштер министрлигине барып, Атамбаев Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурун бошотууга байланышкан кылмыш иши боюнча тергөөчүнүн суроолоруна жазуу жүзүндө жооп берүүгө даяр экенин билдирди. Адвокаттын айтымында, мындай сунушту тергөө кызматы кабыл алган эмес.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»