www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2007-жылдын октябрында Атамбаевге “Данакер” орденин тагып өкмөт башынан кетирет. Атамбаев же бийликке кошула албай, же оппозицияга кошула албай ай талаада калат. Жекшенкулов-Текебаев тандеми Коомдук парламент түзүп жатышкан, Атамбаевди филармонияга чакырып келишип оппозицияга кошушат.

Арийне, Атамбаевдин эки көзү бийликте эле. 2008-жылы жазында ал кездеги президент Курманбек Бакиев Германияга дарыланууга кетет. Кыргызстанда Адахам Мадумаров, Акылбек Жапаровдордун “ Бакиев көз жуумптур” деген ушагы аралап, алар мансап талаша баштайт. Атамбаев ортого “опальный” президенттик аппарат башчысы Медет Садыркуловду салып, Германияга жөнөп Бакиев менен жолугушат. Атамбаев Бакиев тирүү экен деп сүйүнчүлөп келет. Башкы Атамбаевдин маселеси Бишкек шаарына мэр болууну көздөгөн. Лекин, иш тескери айланып Бишкекке мэр болуп Атамбаев эмес, Нариман Түлеев дайындалат. Ал Борбордук аянтка калмактарга эстелик тургузуу менен айырмаланган. Атамбаев ичине кек сактап калат.

Экинчи Түлеев менен кагылышуу 2010-жылы 14-майда болот. Путин туура эмес адамдарды бийликке тандап алганын түшүнөт, ошондуктан Кыргызстанда жаңы бийликти алмаштырууга “добро” берет. Бийликтин башына аркалык Түлеев келмек болот. Саясий схема боюнча спикер Зайнидин Курманов келип парламенттик жыйын өткөзүп жаңы бийликтин легитимсиздигин таанып, бийликти алмаштырмак. Бирок, Курманов курмандыкка чалынып кетпейин деп коркуп келбей койот. Түштүктө Үсөн аке Сыдыков, Исхак Масалиевдер аракетке киришип Жалал-Абад облусун алат, Ошко даап келатканда Бишкекте митинг өтүп, бирок иш натыйжасыз болгону белгилүү болот да, Убактылуу Өкмөт   демилгени алат. Атамбаев Түлеевди президент болгон соң кечирген жок, 2012-жылы камап далай жыл түрмөдө томсортту.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости