www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаев үй камагына чыкты

Келтирилген зыяндын ордун жарым-жартылай төлөп берүүсүнүн жана тергөө менен кызматташууну эске алуу менен, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жалил Атамбаевди үй камагына алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Мурда маалымдалгандай, мамлекеттик кызматта турганда мыйзамсыз байыган фактысы боюнча, Республиканын ички иштер органдарынын мурунку кызматкери Жалил
Атамбаев кармалып, УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө иштеринин журүшүндө, республиканын ички иштер органдарынын кызматкери болуп саналган Ж.Атамбаев, ошол эле учурда мыйзамсыз ишкердик иш менен алектенип, жалпы суммасы 100 миллион сомдон ашуун кыймылсыз мүлккө ээ болуп, аны жакын туугандарынын атына каттатканы аныкталды.

2021-жылдын 4-мартында Ж.Атамбаев жана анын жактоочулары тергөө менен кызматташууга жана белгиленген зыяндын ордун республиканын бюджетине көрсөтүлгөн өлчөмдө төлөп берүүгө даяр экендиги жөнүндө өтүнүч келтиришкен.

Бүгүнкү күндө Ж.Атамбаев келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн УКМКнын депозиттик эсебине 50,5 миллион сомдон ашык салган, калган 50 миллион сомду ушул жылдын март айынын аягына чейин төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Тергөө уланууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости